Connect with us

Акаев: Бизнесмендер парламентке айла жок келип жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 553 | 0

Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде ишкерлер бизнесин коргоо үчүн айла жоктун айынан парламентке келип жатканын билдирди.

Анын айтымында, бизнесмендер парламентке келбей койсо, «кызылы» да, «карасы» да бизнесине салык салып жатат.

«Мага көп депутаттар: «Менин парламентке келгим жок, бирок депутат болбосом бизнесимди жок кылат», — дейт. Алар депутат болгон соң, текшерүүлөр токтоп жатат. Эгерде биз ишкерлерге адилеттүү система түзүп берсек, алар үйүндө отурмак. Тагыраагы, сот мамлекеттик органдардын адилеттүүлүгүн орнотуп, ишкерге ишкердей мамиле кылынганда, бизнесмендердин көбү депутат болбойт. Парламентке күчтүү юристтер, мыкты профессорлор келмек», — дейт Акаев.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM