Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин коалициясына отчёт берип жатып айтты. Маяналарды 1-апрелден баштап жогорулатуу боюнча чечимге кол коёрун маалымдады.
— Бюджетте 50 %га көтөрүү боюнча каралган экен. Бирок бул эки чечим менен ишке ашат деп ойлойм. Биринчисинде 30 %га жогорулатабыз.
Бул тууралуу суроо узаткан депутат Кубанычбек Жумалиев маянанын аздыгынан илимий кызматкерлердин жумуштан кетип калуусунун алдын алуу керектигин да эскертти.
Кошумчалай кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин коалициясына отчёт берип жатат.