Connect with us

АКШ Венесуэладагы дипломаттарын алып кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 649 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Каракас элчилигиндеги кызматкерлеринин барын алып чыгып кете турганын айтты. Мындай чечим Венесуэладагы кырдаалдын начарлашы менен түшүндүрүлдү. Помпео мындан тышкары америкалык дипломаттардын өлкөдө болушу АКШнын аракеттерин чектелип калганын Би-Би-Си билдирди.

АКШнын Венесуэладагы дипломатиялык миссиясы Вашингтондун сырткы саясатына кандай тоскоолдук жараткандыгын Помпео ачык айткан жок.

«Америка Кошмо Штаттары Каракас элчилигинде калган бардык кызматкерлерин ушул жумада алып чыгып кетет”,- деп айтылыт мамлекеттик катчы Майк Помпеонун билдирүүсүндө. Мындай билдирүүнү АКШнын Мамлекеттик департаменти шейшемби күнгө караган түнү жарыялаган.

Помпеонун билдирүүсүндө, АКШнын 24- январдагы чечиминде элчиликтеги кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча чечимин эске салган. Мындан сырткары АКШнын Мамлекеттик департаменти мындай кадамды Венесуэладагы коопсуздук кырдаалга баа байланыштуу түшүндүрүп,  Вашингтондун дипломатиялык өкүлчүлүгүн жабуу боюнча планы жок  экенин айткан.

23-январда Венесуэладагы оппозициянын лидери Хуан Гуайдо өлкөдө уланып жаткан кризиске байланыштуу өзүн убактылуу президент деп жарыялаган. АКШ мамлекетти аны убактылуу президент катары тааныган.

 

Copyright © 2017 Maral FM