Бүгүн, 7-февралда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошону менен бирге буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жана Путиндин Бишкекке боло турчу мамлекеттик сапары тууралуу да сүйлөшүштү.
Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путиндин мартта иш сапары менен Кыргызстанга келет.