Биз менен байланышыңыз

Өкмөт аймактарды өнүктүрүүдө туризмдин ролун күчтөндүрөт

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 655 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин көчмө жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 2018-2023-жылдарга «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасына ылайык, ар бир облуста кластерлерди, анын ичинде туризм тармагы боюнча кластерди түзүү каралган.

Жыйында туризм тармагында саясатты иштеп чыкчу ведомствонун статусун жогорулатуу, атамекендик туристтик продукцияларды эл аралык стандарттарга дал келтирчү шарттарды түзүү маселеси каралды.

Ошондой эле өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке «Ачык асман» режимин бир тараптуу киргизүү каралган мыйзам долбоорун жөнөтүлгөнү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM