Биз менен байланышыңыз

Sports Awards-2021: Айсулуу менен Акжол «Мыкты спортчу» аталды

Кыска кабар , Спорт | 2 Дек 2021 | 536 | 0

Sports Awards-2021 мыкты спортчуларды тандоо сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу topsport.kg сайты маалымдады.

Интернет аркылуу жана калыстар курамынын чечими менен тандалып алынган мыктыларды сыйлоо аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өңдүү бир катар мамлекеттик ишмерлер, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев баштаган спорт ишмерлери, күйөрмандар катышты.

Салтанат концерттик программа менен коштолду. Аземдин жүрүшүндө номинация ээлеринен сырткары да ушул сыйлыкты негиздеген Динара Орозбаевага Дене тарбия жана спорттун отличниги наамы, жакында эле Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатовго атайын сыйлык, көп жылдардан бери Кыргызстандын Күрөш федерациясын жана Кыргыз улуттук олимпиада комитетин жетектеп келген Шаршенбек Абдыкеримовго «Мыкты меценант» наамы берилди.

Атайын номинациялар төмөнкү жеңүүчүлөргө ыйгарылды:

Улуттук спорттун түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Ынтымак Мурадил уулу (салбуурун);

Улуттук спорттун түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу – Нурлан Молдакунов (салбуурун);

Паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Арстанбек Базаркулов (пара атлетика);

Сурдоолимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Илгиз Каналбек уулу (дзюдо);

Майыптар арасында олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Болот Азамат уулу (пара кол күрөш);

Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча Мыкты спортчу мырза – Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);

Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча Мыкты спортчу айым – Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү);

Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу – Руслан Маджинов (эркин күрөш);

Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча Мыкты спортчу – Бей-Барс Анарбеков (бел боо күрөш);

Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча Мыкты спортчу айым – Самара Абдумалик кызы (самбо);

Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу – Азамат Казакбаев (самбо);

Жыл жаңырыгы – Эрназар Акматалиев (эркин күрөш);

Мыкты ММА чебери – Алтынбек Мамашев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM