Шашылыш кабар:

Балдар «Баластан» журналы менен жаңы баракты ачты

Апрель 10, 2015 | жарыялаган maraluser
164

"Баластан" балдар журналы бала-бакчадан мектеп жашына чейинки наристелерге арналган. 32 бет болуп Кыргызстандагы балдар журналдарын жаңы нукка бурду. Заманбап талаптар менен балдарды адептүүлүккө жана билимдүү болууга чакырат. 

 

   Бала менен ата–эненин ортосундагы маектер бир күндө бир жолу эмес, бир канча ирээт кездешет. Өзгөчө 5-6 жашка чыккан балдар дүйнөгө болгон кызыгуусу артып турган чакта суроолор көп узатылат. Андайда ата-энелер да жооп таппай калган суроолор узатылышы мүмкүн. Андыктан, ар бир ата-эне балага жетиштүү тарбия берүү үчүн алгач өзү мыкты сапаттарды камсыздашы зарыл. Доордун, замандын алмашышы менен өзгөрүп жаткан табият жана коом менен тең жарышып, наристелерди адептүүлүккө тарбиялоо максатында чыгарылган «Баластан» журналы тууралуу кененирээк айтып бермекчибиз.


Баластан журналы алгач Кыргызстандагы балдардын табитин, каалоосун билүү максатында китепче болуп 2013-жылы чыккан. Балдарды адеп-ахлакка, мекенди сүйүүгө жана билимдүү болууга үндөөгө чакырды. Ал эми журнал болуп расмий түрдө 2014-жылы каттоодон өттү. Учурда журнал 32 бет менен эки айда бир болуп чыгарылып жатат. "Баластан" журналынын башкы редоктору Жаныбек Абидетегин биз менен болгон маегинде журналдын толуктоолору жаңы технологиянын негизинде бардар үчүн даярдалган макалалар заманбап шөкөттөөлөр менен адеп-ахлахты, таалим-тарбияны үйрөтүү максатында жарык көрүп  жатканын баса белгилейт. Анын айтымында учурда балдардын табити өзгөрдү, демек ошого жараша да балдарды бийик деңгээлге жеткире турган мыкты жолду камсыздап беришибиз зарыл — дейт.

Ал эми ичиндеги балдар үчүн даярдалган материалдарда жомок, табышмак, жаңылмач, дүйнөдөгү акыркы жаңылыктар жана ата-энелер бөлүмү камтылган. Дагы өзгөчөлүгү — бул эмгектерди жараткан балдар адабиятчыларынын баяндары. Ошондой эле ата-энеге кайрылуулар. СССРдин басма сөзүнүн отличниги, КССР эл агартуусунун отличниги, "Кыргыз тили" төш белгисинин ээси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси Байтемир Асаналиев да дал ушул "Баластан" журналына чыгармаларын, ырларын жарыялап турат. Балдар адабиятынын өнүгүшүнө жарым кылым өмүрүн арнаган автор жоголуп бара жаткан балдар журналы «Баластан» менен жаңы барактарды ача алганын айтат.


Чынара Эрмекбаева эки баланын апасы. Өз балдарынын келечеги эне үчүн кымбат болгондуктан, бүт күчүмдү балдарымдын өсүшүнө жумшайм дейт. Себеби дүйнө алмашып жатканда акыркы мааламаттар менен балам кабардар болуп туруш абзел. Ошон үчүн бардарым берген суроолорго жооптор журналда толугу менен бар деп сүйүнөт.

Азамат 4-класстын окуучусу. Учурда «Сейтек» билим берүү мекемесинде окуйт. Журналдын эң активдүү окурманы.

«Баластан» журналы окуу жылына карап чыгарылат. Аудиториясы бала бакчадан мектеп окуучулары түзөт. Учурда бир гана борбор калаада эмес, жалпы аймактарда да камсыз кылынууда.
 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *