Шашылыш кабар:

Келечекте төрөтканаларда роботтор иштеп баштайт

Июль 19, 2016 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
144

kH3DDP1ej_8qYcyedFhpCBDhfVdeY5BX

NAO компаниясынын чыгарып жаткан роботтору төрөтканада иштегенге ылайыкташтырылган. Алар мээрман айымдардын жасай тургна иштерин толугу менен аткарууга мүмкүнчүлүгү жетет,-дешет өндүрүүчүлөр.

Аталган роботтор азыр окутуулардан өтүп жатканын жазат  CNN телеканалы. учурда айрым роботтор операция учурларында пайдаланууга берилген. Адистер, мындай роботтор медицина үчүн керектүү деп эсептешет. Анткени алар бейтаптардын өтүнүчтөрүн аткарууда автоматтык кызмат кылышат. Роботторду окутуп жаткан Жули Шох мээрман айымдар бир убакта көп жумуш аткарганга жетишкен менен, физиологиялык жактан бат чарчап, кээде өз ишинде калпыстык кетирип коюусу мүмкүн. Мындан улам бул абалда атайын роботтордун мааниси чоң деп эсептейт.

Роботтор боюнча атайын изилдөө жана тажрыйбаларды байкоо үчүн АКШдагы төрөтканалардын биринде  NAO роботу иш баштаган. Азырынча робот кабыл кылган чечимдердин 90%ы дарыгерлердин купулуна толгон.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *