Шашылыш кабар:

Ишенаалы уулу Жыргалбек: “Имамдардын илимин көтөрөбүз”

Апрель 4, 2015 | жарыялаган maraluser
102

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программасынын бул чыгарылышында “Имам курстары” тууралуу болду. Студиябыздын коногу Имам курсунун жетекчиси Ишенаалы уулу Жыргалбек, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дин таануу факультетинин мугалими Орунбеков Шахимардан жана учурдагы имам курсунун окуучусу Өмүрзаков Орозбек.

Орунбеков Шахимардан: “Имам деген түшүнүк Пайгамбарыбыздын доорунда колдонулуп келген сөз. Албетте сөздүк маанисине көңүл бура турган болсок анда имам деген бул “алдыда”жүрүүчү дегенди билдирет. Мындан сырткары “жол башчы” деген түшүнүктү да берет. Ошондуктан имам деген кезде мечитте беш убакыт намаз окуп, нике кыйып, же жаназа окуп койгон кишини элестетпей, имам деген киши элдин жолун таап берүүчү адам деп айтсак болот. Имам деген исламда ар тараптуу илимге ээ болгон, төрт тарабы төп келишкен кишиге да таандык. Тагыраак айта турган болсок диний китептерде имам деген бул “мамлекет башчысы” деп да айтылат. Кыскасы элди башкарып жүргөн киши”.

Ишенаалы уулу Жыргалбек: “Имамдык курс боюнча айта турган болсок, медреседеги курстар 2009-жылдан баштап уюштурулуп келе жатат. Муну муфтият менен “Адеп-Башаты” коомдук фонду колго алган. Кыргызстандын ар тарабындагы айыл жерлеринде имамдык кызмат кылып жүргөн адамдарга казылардын жолдомосу аркылуу бизге келишет. Отуз күндүк курстан өтүп, деңгээлдерин жогорулатып кетишет. Бул имамдардын курсун ачуудагы максат алардын руханий жактан, илим-билим жактан адамдарга туура жол көрсөтүүчү болгондуктан аларга арка-жөлөк болуп чыныгы имамдык даражага жетиш үчүн аларга көмөк көрсөтүп келе жатабыз”.

Өмүрзаков Орозбек: “Бишкек шаарында устаздарыбыз имамдардын илим деңгээлин көтөрүү максатында ачкан экен. Биз дагы ушул жерге атайын чакыруу менен Базар-Коргон районундагы Эне-Сай атындагы мечиттен бир айлык окууга келдик. Окууда негизинен эң зарыл болгон сабактар өтүлүп жатат. Анда акыйда, мусулмандын ишеними, куран, куранды туура окуу жана ошону менен бирге эле фыкх, деги эле исламдагы негизги түркүктөр болгон, элдердин адамдардын арасында эң көп суроолор пайда боло турган маселелирди чечүү боюнча курстан үйрөнүп жатабыз. Дагы айта турган нерсе Пайгамбарыбыз с.а.в алып келген дин тууралуу имамдарга азыркы учурда кандай деңгээлде илим керек? Адамдарга кантип жеткирүү керек? Эл менен болгон мамиле кандай болуш керек, адамдарды ыймандуулукка кантип чакыруу керек? Ошондой эле адамдардын динге көз карашы кандай? Ушулар тууралуу кеңири илим берилип жатат. Окуулар улана берсе Кыргызстанда илимсиз имам калбайт деп ойлойм”.
 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *