Шашылыш кабар:

Эми Кумтөр келишиминде коррупцияга аралашкандар жоопко тартылабы?

Июль 9, 2016 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
103

“Эгерде Кумтөр кени боюнча кылмыш жосундарын жасаган  адамдардын  кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзам долбоору колдоо таап, эскирүү мөөнөтү алынып салынса, анда  тээ баштапкы Кумтөр келишимин түзгөндөрдөн баштап,  азыркы 6 – чакырылыштагы айрым  депутаттарга чейин жоопко тартылышы мүмкүн”- дейт эксперттер.

DSC_0950

Парламентте  “Кумтөр” кени боюнча кылмыш жосундарын жасаган  адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин катаалдаштыруу  мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, учурда кызуу талкуу жаратып жатат.  Ошол маселенин үстүндө“Акыйкат таразасы” программасы аталган мыйзам  долбоорун талкууга алдык. Студиянын коноктору ЖКнын депутаты А. Шыкмаматов, коомдук ишмер Эркингүл Иманкожоева жана «Эреп» бирикмесинин жетекчиси Мирзат Аджиев.

-Кайсы гана мыйзам болбосун бир себептин негизинде иштелип чыгат эмеспи. “Кумтөр” кени боюнча кылмыш жосундарын жасаган адамдардын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин катаалдаштыруу  мыйзам долбоорунун негизги максаттына токтолсоңуз?

А.Шыкмаматов:

Негизинен коомчулук адилеттүү талап коюп жатат, «эмне үчүн Кумтөрдү ушул деңгээлге жеткирген мурунку  атка минерлер жооп беришпейт?», деп. Бул туура талап деп ойлойбуз, чын эле алар кыларын кылып туруп эмнеге жооп бербеши керек. Уялып койбостон, кайра бизге акыл үйрөтүп жүрүшөт. Анын үстүнө биздин мыйзамдарда, 10 жылдык мөөнөт эскиргенден кийин кылмыш иши токтоп, сот аркылуу жабылып калат деп жазылып калган да. Бирок эл аралык нормаларда так көрсөтүлгөн, ар бир жаран кылган кылмышы үчүн эртеби же кечпи мыйзам алдында жоопко тартылат деп. Биз жогорудагы эрежени колдойбуз, колуң менен жазаган ишти моюнуң менен тартышың керек. Анан албетте бул нерсе башкаларга  сабак болот.

Ушул мыйзам долбоору иштеп кетсе мамлекетке зыян келтирген адамдар жоопко тартылып калат деп ишенсек болобу?

А.Шыкмаматов:

Азыркы чиновниктерге, ар дайым айтып келем, күчтүү муун өсүп келе жатат. Эртеби кечпи мыйзамсыз иштериңерге жооп бересиңер деп. Чындыгында азыр жаңы технолгиялар өнүгүп жатат, коомго азыр бардыгы ачык айкын.

-Эгер бул мыйзам кабыл алынса,  тээ Кумтөрдүн башынан берки мыйзамсыз келишимди түзгөндөр да  жоопко тартылат деп жатпайсыздарбы. Мөөнөтү эскирбейт деп.  Азыр ошол келишимдерди түзүүчүлөрдүн айрымдары бийликте отурбайбы.  Аларга кандай иштейт?

А.Шыкмаматов:

Ошол үчүн муну  коомчулук менен биргеликте колдошубуз керек. Эгер бул мыйзам долбоорун жөн эле попилистик же саясат деп бөлөк нукка бурсак анда мыйзам парламенттен өтпөй калышы толук мүмкүн. Мен ишенем бул долбоор ишке ашып кабыл алынып кетсе Кумтөрдү ушул деңгээлге жеткиргендин баары мыйзам алдында жооп беришет.

-Кумтөр кени боюнча кылмыш жосундарын жасаган  адамдардын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин катаалдаштыруу  мыйзам долбооруна кандай пикирдесиздер?

Эркингүл Иманкожоева:

Кумтөрдү ушул деңгээлге жеткрип, анын айынан өлкөнүн экономикалык абалына зыян келтирип, коррупциянын гүлдөп өсүшүнө шарт түзгөндүн көбү кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жүрөт. Эми кеч болсо да жогорудагы мыйзам долбоору чыгып жатат, муну колдошубуз керек. Бирок бул мыйзамдын иштеп кетишине күмөн санагандар көп болуп жатат. Президент А. Атамбаев өткөндө башкы прокурорго айтпадыбы, Кумтөр боюнча бардык келишимдерди иликтеп чыкыла деп. Ошондой тапшырма берилгенден кийин иш жакшырат го деп ой болгон. Бирок азыр кайра уруксат документери берилип, Кумтөр ишин улантып жатат. Эми мындан ары кандай болору белгисиз. Кумтөр бул чоң коррупциялык компания болгондуктан КРнын кылмыш жаза кодексинин 67- беренесине толуктоо киргизилип  жатат. Маселен Кумтөр маселесинде, кызматтык абалынан пайдаланып коррупциялык иштерге аралашкан жарандарга кылмыш мөөнөтү алынып салынсын деген берене айласыздан киргизилип жатат. Эгер бул мыйзамды парламент колдоп, президент кол койсо анда азыркы 6 – чакырылышта айрым депутаттары да жоопко тартылыш мүмкүн.Ошондуктан бул мыйзам долбооруна каршы пикирлер көп болот деп ойлойм.

-Сиз бул мыйзам долбооруна кандай сунуштарды  бере аласыз?

Мирзат Аджиев:

Мыйзамды колдош керек деп ойлойм. Бирок бизде, мыйзамдар жазыла бергени менен ишке ашуусунда көйгөйлөр көп жаралат. Негизинен мурунку эле мыйзамдар менен жооптуу кишилерди жазалай бергенге шартар бар болчу. Бирок ал учурда, саясий кызыкчылыктын негизинде ишке ашпай келген. Дагы деле ошондой болбойт деп, ким кепилдик бере алат. Кумтөр көпчүлүк учурда саясий оюндардын алдында чыга калчу маселе экени барыбызга эле белгилүү болуп калбадыбы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *