Шашылыш кабар:

Алманбет Осмон уулу: «Мираж» Пайгамбарыбызга берилген эң чоң белек

Май 18, 2015 | жарыялаган maraluser
98

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программасынын бул чыгарылышында “Мираж сапары” тууралуу болду. Студиябыздын коногу Ислам окумуштуусу Алманбет Осмон уулу.

— Мираж-Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде түн ортосунда Харам мечитинен (Кааба) Акса мечитинде, ал жерден Аллах Тааланын алдына барган миӊ бир сырлуу куттуу түн. Бул улуу сый дүйнөлүк баардык көшөгөлөр алынып, толугу менен Жараткандын чен-өлчөмүнүн негизинде жүзөгө ашкан өзүнчө баа жеткис белек болгон. Биздин ааламдагы «жер» жана «убакыт» деген түшүнүктөр токтоп, миллиарддаган адамдардын жашоосуна сыйбай турганчалык узун сапар, өтө кыска убакыт аралыгында жүзөгө ашкан. Ошентип сүйүктүү Пайгамбарыбыз ааламды, курсийди, Аршты жана сидратул-мунтахааны ашып, Жараткан Аллах Таала менен ортомчусуз сүйлөшүп, Жараткандын өзгөчө жакшылыгына туш болгон.

— “Мираж” деген бул араб тилиндеги сөз. Тикелей сөзмө сөз которгондо “жогору көтөрүлүү” деген маанини билдирет. Бул болсо Пайгамбарыбыздын (с.а.в) бир түн ичинде өзү төрөлүп өскөн Мекке шаарынан эки миң чакырым алыстагы Иэрусалимдеги Акса мечитине барып, ал жерден жогорку ааламдагы жети кабат асмандарга чейин чыгып, Жабрайил периштенин баштоосу менен улуу бир саякатты жасап, кайра бир түндө кайтып келгени, ислам тарыхында мираж деген окуя болуп саналат. Жалпы мусулмандар үчүн мунун мааниси чоң.

— Мираж түнү мусулман жыл эсеби боюнча Ражаб айынын 27-түнүнө туура келет. Ражаб айы куттуу үч айдын башталышы болуп саналат. Негизи эле ислам дининде 4 ыйык түн бар. Ал 4 түндү Кудай Тааланын пенделерине мээрими жааган, көп сооптор убада кылынган түндөр. Мираж түнүндө Алла Таала тарабынан Пайгамбарыбызга чексиз жакшылыктар убада кылынган, ушул түндө беш убак намаз парз кылынган жана Пайгамбарыбызды Ааламдарга саякат катары тандаган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *