Шашылыш кабар:

Фейсбук жакында “Тез кабар” кызматын ишке киргизет

Май 18, 2015 | жарыялаган maraluser
97

Фейсбук мындан ары кабар жарыялап баштайт. 

Бул тууралуу компания өткөн аптада жар салды. Негизи эле дүйнөлүк жана жергиликтүү медиалар өз материалдарын элге жеткирүүдө социалдык тармактарды колдонушат. Анын ичинде Фейсбук маалыматты таратуудагы негизги каражат болуп саналат.

Кабарларды Фейсбук колдонуучуларына дагы да тез жеткирүү үчүн, Фейсбук жаңы “Тез кабар” же Instant Articles деп аталган серверин иштеп чыкты. Бул сервер колдонуучулардын линк аркылуу сайтка кирип отурбай, түз эле Фейсбуктагы атайын баракчадан окуусуна шарт түзөт.
Фейсбуктун маалыматына ылайык, «The New York Times, National Geographic, BuzzFeed, NBC, The Atlantic, The Guardian, BBC News, Spiegel ve Bild» сыяктуу медиа органдары алар менен иштешүү тилектештигин билдирген.

Ал эми бул кызматтын оң жана терс тараптары тууралуу эксперттер төмөнкүлөргө токтолушкан. Бир тарабынан элдердин убактысын үнөмдөп, маалыматты тез жеткирүү жагы каралса, экинчи тараптан бул кызмат ЖМКлардын рейтингине терс таасир бериши мүмкүн. Анткени ансыз деле социалдык тармактар көп колдонгон калк, кабарларды да шилтемесиз окуп баштаса анда ЖМКлардын сайтына кирген адамдардын катары суюлат.
 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *