Шашылыш кабар:

“Вечерний Бишкектин” кирешесине кызыккандар

Май 13, 2015 | жарыялаган maraluser
106

“Эмне үчүн “Вечерний Бишкекке” аябай кызыккандар көп болуп жатат. Себеби Кыргызстанда канча гезит болсо алардын өздүк басмаканалары жок. Ал эми “Вечерный Бишкек” болсо бүт жагынан көз карандысыз. Мисалы: өзүнүн кирешеси бар, өзүнүн редакциялык саясаты жана өздүк типографиялык басмаканасы бар. Ошол үчүн кээ бир адамдар аябай кызыктар болуп жатат дейт”, — Нарын Айып

“Акыйкат таразасы” программасынын бул жолку чыгарылышында бир жылдан бери коомдук талкуудан, соттук териштирүүдөн арылбай келе жаткан “Вечерний Бишкек” маселесинин үстүндө аталган гезиттин саясат боюнча шеф-редактору Нарын Айып менен маек курдук.

 

-17-апрелде Сиздер, «Вечерний Бишкек» гезити өлкө башчыга кайрылуу жөнөтпөдүңөрбү. Кайрылууда мамлекет башчынын айланасындагы адамдардын аталган медиа бирикмесин рейдерлик жол менен басып алууга көрүлүп жаткан аракеттери айтылган. Тактап айтканда президенттин кеңешчиси Ф. Ниязов, президенттик аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары И. Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Э. Мамбеталиев турушу мүмкүн деген божомолдор бар деп жазылган. Бирок бул туура эмес жалаа деп Сиздер айыптаган адамдар айтып жаташат. Сиздер дагы деле, жогоруда айтылган ысымдар күнөөлү дегенден кайта элексиздерби?

Ооба, ошол эле ойдо калуудабыз. Себеби жөн эле жүргөн бала А. Рябушкин кантип эле килейген бир гезитти доо жыгып салсын. Анын артында чоң ишенген бирөөлөр болгон үчүн жеңишке жетип жатат деп ойлойбуз. Ушунун баарын, президенттин айланасындагылар жасап жатат деп жазып жатсак, укук коргоо органы аларды текшергендин ордуна, жазганыңар чынбы же калппы деп “Вечерний Бишкектин” ар бир кызматкерин сурака алып жатышпайбы.

-Чындап ушул боюнча укук коргоо органдары, айтып бергиле десе далилдеп бере аласыздарбы?

Албетте, ачыктап бере алабыз. Коомчулукта айтылып эле жүрбөйбү.

— Жыйынтыгы кандай болот деген ойдосуз. Адилеттүү чечим болот деген ишеним барбы?

Бийлик жакшы иштеп жаткан ишканаларды жаап, тартып алуудан башканы ойлобой жатышат. Эмне үчүн буларга “Вечерний Бишкек” аябай кызык болуп жатат. Себеби Кыргызстанда канча гезит болсо алардын өздүк басмаканалары жок. Башка гезитерди ушул жагынан кармап коёт. Ал эми “Вечерний Бишкек” болсо бүт жагынан көз карандысыз. Эмне дегенде өзүнүн кирешеси бар, өзүнүн редакциялык саясаты жана өздүк типографиялык басмаканасы бар. Ошол үчүн кээ бир адамдар аябай кызыктар болуп жатканы ушунда.

-Бирок, буга айрым коомдук бирикмелер “Вечерний бишкеке” Бакиевдердин үй-бүлөсү дале ээлик кылууда. Бакиевдер кыргызстандан толук чыгып кете элек. Өздөрү кеткени менен артында куйруктары жүрөт. Алардын бири учурдагы «Вечерний Бишкектин» ээси Александр Ким. Ал Кыргызстанда алардын буйругун аткарып жатат деген оюн айтып жатышпайбы. Буга кандай пикирдесиз?

Ал жөн эле бизге каршы божомолдор. 

— Сиз Александр Ким Бакиевдер менен чындап байланышта эмес деп ачыктап бере аласызбы?

Ал иш меники эмес, себеп дегенде мен тергөөчү эмесмин. Документтер боюнча “Вечерний Бишкек” көз карандысыз экенини билем.

-Мына Сиз көптөгөн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес теле-радиолордо жетекчилик кызматты аркалап келдиңиз. Бизде сөз эркиндиги салыштырмалуу бөлөк өлкөлөрдөн түзүк эле деп айтып келебиз. Сиздин пикириңизче учурда чектөөлөр ооздуктоолор барбы?

Кандайдыр бир деңгээлде бар.

-"Боёкчу боё десе сакалын кошо боёптур" дегендей аша чаап бийлике каршы туруп жаткан жоксуңарбы?

Эми өлкөнү, мамлекеттик бийлик деңгээлдеги адамдар башкарбай эле, президенттин айланасындагылар чечип жатса бул туура эмес деп эсептейбиз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *