Шашылыш кабар:

Жумадыл Маматжанов: “Куран жарышы балдардын деңгээлин жогорулатат”

Март 16, 2015 | жарыялаган maraluser
134

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программасынын бул чыгарылышында “Куран жарышы” тууралуу сөз кылабыз. Студиябыздын коногу “Адеп-Башаты” коомдук фондунун жетекчиси Жумадыл Маматжанов жана конкурста 1-орунду ээлеген Умаров Мухаммадали.

12-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду уюштурган республикалык V-Куран Карим жарышынын финалдык туру болуп өттү.

Республикалык 5-Куран Карим жарышы Египет араб мамлекетинен келген атактуу кары Шейх Махмуд Ат-Тухийдин куран окуусу менен ачылды.
Андан сон Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы жана “Адеп Башаты” фондунун жетекчиси Жумадыл Маматжанов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалашты.

Бул конкурстун жүрүшүндө Кыргызстанда көп жылдардан бери Ислам-динине жана куранга кызматтарын кылып, көптөгөн шакирт-карыларды тарбиялаган, ислам дининин өнүгүүсүнө эли-жерибизге чоң салымдарын кошуп эмгеги синген атактуу аалымдарга белек-бекчек берилип, ыраазычылык билдирилди.

Аталган жарышка өлкөнүн 7 облусунан тандалып алынган 30 жеңүүчү катышты.

Калыстар тобунда;– Ракиев Замир кары, Муса кары, Зияудин кары, Анарбай кары, Абдуманап карылар болушту.
Финал үч багытта өткөрүлүп, калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды:

Куранды толук жаттагандар (30 пара) боюнча;
1-орун Умаров Мухаммадали — 200 миң сом. Чүй облусу. «Куран Нуру» Ислам Институту.
2-орун Абдулхамидов Исламбек — 175 миң сом. Жалал-Абад облусу. Сузак Медресеси.
3-орун Жарматов Нурмухаммед — 150 миң сом. Чүй облусу . «Абдуллах ибн Аббас » Медресеси

Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10пара) боюнча;
1-орун;Анарбай уулу Абдулхади — 80 миң сом. Чүй облусу. «Умар ибн Хаттаб» атындагы медресеси
2-орун;Саттаров Инаяттулло — 60 миң сом. Чүй облусу. Жаңы-Жер айылы, "Расул Акрам" Медресеси
3-орун;Салимбаев Равшан — 40 миң сом. Ош облусу “ Кара-Суу району. “Абдулла ибн Ауф” медресеси.

Куранды көркөм окуу (хуснул-кыраат)боюнча;
1-орун;- Кушубаков Бекболсун — 40 миң сом. Талас облусу. “Бакай-Ата” медресеси
2-орун; Лолаев Мухридин – 30 миң сом. Чүй облусу. «Умар ибн Хаттаб» Медресеси
3-орун;Гуфрониддин уулу Закийиддин- 20 миң сом. Жалал-Алад облусу

Бул жарышты төрт жылдан бери уюштуруп келген “Адеп Башаты” коомдук-прогрессивдүү фондунун мүдүрү Маматжанов Жумадыл Куран жарышты жыйынтыктап, жаттаган кураныңыздар жат болсун, мындан өткөн нимат жок. Куранды Аллах жаттаткан соң Куранга ылайыктуу жашап өтүүнү насип кылсын. Жаттагандар көбөйгөн сайын мекенибизге Аллахтын рахматы жаап турсун деп тилеп, жалпы катышкан карылырга жана кара кылды как жарган калыстар тобуна жалпы катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Ар жылы уюштурулуп келе жаткан бул жарыш — элибизге Куранды таанытуу, жайылтуу, сүйдүрүү жана жаштарды үйрөнүүгө кызыктырууга үндөйт.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *