Шашылыш кабар:

Жамал Фронтбек кызы: “Ислам дини аялга өзгөчөлүктү берген”

Март 10, 2015 | жарыялаган maraluser
91

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программабыздын бул чыгарылышында “Исламда аял” тууралуу болду. Студиябыздын коногу “Мутаккалим” аялдар коомдук прогрессивдүү уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы.

Эркектер эмес, аялдар деген сүрөө бар
Ислам дининде аял затынын орду өтө бийик. Мисалы, Куранда эркектер деген сүрөө жок. Аялдарга арналган сүрөө бар. Аял заты бул коомдун келечеги. Биз канчалык энелерибизди, аялдарыбызды урматтап, сыйласак, демек, бул коомдун келечеги болот. Бир кызбы, же эки-үч кыз болобу динде жакшы тарбия берсе ал ат-эне бейишке чыгат. Бул жерде кыз балага өзгөчөлүктү берген ислам дини болуп жатат.

Кыздын макулдугу сөзсүз болуш керек
Ислам дининде эң биринчиден турмушка чыгып жаткан укуктук маселеге келе турган болсок, динде кыз бала өзүнө жарды тандай алат. Эгерде нике маселеси кыйылып атканда, кыз бала каршы болсо, нике кыйылбайт. Качан гана кыз макулдугун бергенде  нике кыйылат. Ошол эле нике кыйылып атканда дагы калың маселеси бар. Азыркы тил менен айтканда кыздын экономикалык абалы.

Пайгамбарыбыздан аялдарына мамилеси жумшак эле
Мухаммед с.а.в, албетте, ар бир мусулманга жашоосундагы чоң бир улуу сабак дешибиз керек. Пайгамбарыбыз эң биринчиден аялдарына өтө бир аяр мамиле кылчу. Экинчисинде, аялдарына дайыма жардам берчү. Аларга жумшак мамиле жасайт эле. Ушулардын баарынан биздин эркектерибиз үлгү алыш керек. Пайгамбарыбыз эч бир аялынын көңүлүн калтырган эмес. Ар бирине сый-урмат менен, үй оокаттан болобу, бала-чакасынан болобу, үлүш маселесинен болобу өтө мамилеси жакшы болгон.

Аял-эркек укугу бирдей
Дин жагынан алып карасак, аял менен эркектин укугу бирдей. Бирок ислам дининде аялдардын укуктары көбүрөөк. Аялдарга үй-бүлөсүн багуу милдет эмес. Ал эми эркектин милдети аялын эч нерседен кем кылбай багуу. Үй жумуштарын жасоо, күйөөсүнүн муктаждыктарын даярдап берүү аял кишиге милдет эмес. Бул анын эркегине болгон сый-урматы болуп саналат. Ошондуктан, ислам дининде аял-эркек укугу бирдей, алар өзүнүн ордун, укугун билиши керек.
 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *