Шашылыш кабар:

Пародия жанры акындарга муктаж

Май 9th, 2015 | by maral

Колун сыяга жаңы малган жаш акындар арасында сүйүү жана Ата Мекен темасында жазылган ырлардын саны арбын. А бирок, пародия жанрына салым кошуп кадам таштагандары сейрек. Мунун себебин жаштар 4 сап ыр менен элди күлдүрүүгө жетиштүү акындык талант менен тажырыйбанын аздыгы менен байланыштырышат.

Жан дүйнөсү ырга байланган экономист

Анара Амангулова Кыргыз улуттук университетинин экономика жана финансы институтунун 3 курсунун студенти. Ата-энесинин берген кеңеши менен экономист болууга бел байлаганы менен жүрөгү  поэзияга жакын. Ошол себептен акыркы 2 жылда гана аны түшүнүп, ыр жазуунун колго алды. Учурда 30га жакын ырдын автору. Анын дээрлик 70 пайызы лирика жанрын толуктаса калган 30 пайызы атуулдук жана психологиялык ырлар. «Өзүм экономист болсом дагы жан дүйнөм ыр менен»-деген ураан алдында жашайт. 

Ата Мекен ырларын жазуу жигиттик милдетим

Бой жетип жигит деген куракка келгенде жоопкерчилик байкалат. Анын ичинде чыгармачылыкта чоң бурулуш болду. Ата Мекенге болгон сүйүүмдү ырларыма кенен камтыдым. Бул менин атуулдук милдетим деп билем. Анда бир гана позитивдүү маанайда эмес, кээде жүрөктү өйүгөн учурлар да жүрөктөн өтүп жаралды. Ар бир Кыргызстандын жараны өз жерибизди ыйык тутуп, ага салым кошконду каалайм деген пикирин студент  Бекболсун Молдояров айтат. Анын ыр жазып калышына  бир түндө 4 ырды жазгандан кийин кызыгуу пайда болгон.

Акындын ырын күткөн күйөрман

Мырзайым Айтымбетованын колуна таандык ырлардын саны 70-80. Анда сүйүү, Ата Мекен, табият жана башка бир канча темаларды камтылган. Эми ырларды китеп кылуу Мырзайымдын башкы максаты. Бирок дагы да болсо каражат жагын ата-энесинен күтөт. Андан сырткары «Ырчылардыкындай күйөрмандар бизде да бар. Ошондуктан ырларыңарды күтөбүз. Китеп чыгарып калсаңар сөзсүз колдоп беребиз»-деп, колдоо көрсөткөндөр бар. Жаш калемгер мындай күйөрмандары менен сыймыктанып келет.

Тапталбаган акын пародиядан алыс

Акындыкка адамдын башынан өткөн турмуш себеп болот. Ошондуктан улан-бийкеч кезинде лирика ырлары көп жазылат. Андан соң улам-улам адам турмушту көрүп жетиши менен салмактуулары жаралат. Бирок пародия жанрында ыр жазган жаштардан саналуу гана керек десе жок десек деле болот. Мындай көрүнүштү дагы –да болсо жаш акындардын бири Сыргайым Асанканова жаштардын жетиштүү деңгээлде тапталбай жатканы менен байланыштырат. Анын пикиринде « 4 сап кооз сөз жазганга караганда 4 сап ыр менен элди күлдүрүү 2-3 эсе оор. Ал үчүн сөздүн гүлүн таап жазууга машыгуу зарыл»-дейт, ал.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache