Биз менен байланышыңыз

Баткендин тургуну: «Жеңиш Разаков тыңчы эмес»

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 997 | 0

Бүгүн Баткен облусунан келген бир катар өкүлдөр вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун «Тажикстандын тыңчысы» деген сөздөр боюнча маалымат жыйын курушат.

Катышуучулардын бири Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Эргеш Ниязкулов: «вице-премьер Жеңиш Разаковду тыңчы деген сөздөр чагымчылдык» деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн “Маралга” билдирди. Анткени Ниязкулов өзү көп жылдан бери райондук ар кандай кызматтарда иштеп жүрүп, Разаковдун патриот инсан экенин билгенин айтат.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тажикстандык басылмалар Жеңиш Разаковду «Тажикстандын тыңчысы» деп жазып жатышканын айтып, вице-премьер-министрдин отставкасын талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM