Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жаңы курулуштар рыногунун өзгөчөлүктөрү: Бишкек жана Ош шаарларында эмнелер курулуп жатат?

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 3251 | 0

Бишкек жана Ош шаарларында курулушчулар керектөөчүлөргө жаңы курулган үйлөрдөн кандай турак жайларды сунуштап жатышат? new.flatfy.kg жаңы курулуштар каталогу Кыргызстандын ири шаарларында эмне жигердүү курулуп жатканын көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларынын алгачкы кыймылсыз мүлк рыногуна сереп

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, Кыргызстанда киши башына 12,7 чарчы метр турак жай туура келет. Ал эми БУУнун сунушталган стандарты – 30 чарчы метрди түзөт. Турак жайдын мындай жетишсиздигинде республикада, атап айтканда, Бишкек жана Ош шаарларында, жаңы курулуштар рыногунун жигердүү өсүшү таң калычтуу эмес.

Статистикада борбор шаардагы ар бир алтынчы үй бүлө батир ижарага алып жашайт деп да айтылат. Ири шаарларда ижара баасы бир кыйла жогору. Көпчүлүгү турак жай ижарага алуудан баш тартып, менчик турак жай алууга умтулушат, бул да жаңы курулган үйлөрдөгү чарчы метрлерге болгон сурамды көбөйтөт. Жаңы курулуштар батирди 100% алдын ала төлөмгө гана эмес, узартылган төлөмгө же ипотекага алуу мүмкүн болгондуктан да, жогорку сурамга ээ.

Бишкек жана Ош шаарларынын алгачкы турак жай рыногу потенциалдуу сатып алуучуларга эмнелерди сунуштай алат? Курулушчуларда кыймылсыз мүлктүн кандай варианттары бар?

Бишкек шаарынын жаңы курулуштар рыногун талдоо

Кыргызстандын борборунун кыймылсыз мүлк рыногунда бир нече ондогон курулушчулар бар. Курулуш компанияларынын жана алардын объектилеринин тизмесин new.flatfy.kg жаңы курулуштар каталогунан көрө аласыздар. Белгилүү жана ири девелоперлерден деп KG-Групп, Альянс-Холдинг, Elite House, Ихлас компанияларын бөлүп көрсөтүүгө болот. Мисалы, Ихлас компаниясынын турак жайларын бул беттен көрүүгө болот: https://new.flatfy.kg/ихлас.

2019-жылдын февраль айынын аягына карата Бишкек шаарында дээрлик 250 турак жай комплекси курулууда. Турак жай комплекстеринин жалпы көлөмүнүн дээрлик 20% «эконом» категориясына кирет. Бул категориядагы батирлердеги чарчы метрдин наркы 25 530 сомдон башталат.

Бишкек шаарынын жаңы курулуштарынын эң ири бөлүгү «комфорт» категориясында. Ага сунуштардын 70% кирет. Мындай турак жайга болгон баалар чарчы метрине 27 000 сомдон башталат.

Борбордогу элиталуу кыймылсыз мүлк эконом жана комфорт классындагы батирлердей популярдуу эмес. Бирок бул товарга да кардарлар бар. Бизнес классындагы турак жай комплекстеринин үлүшү 10% чамасындайды, ал эми элит классындагы турак жай комплекстеринин үлүшү 5%дан азды түзөт. Биринчи сегментте 1 чарчы метрдин минималдуу наркы 45 миң сомду, ал эми экинчи сегментте – 32,7 сомду түзөт.

Ош шаарынын алгачкы кыймылсыз мүлк рыногуна сереп

New.flatfy.kg жаңы курулуштар каталогунун маалыматтарына таянсак, Ош шаарында 2018-2019-жылдар аралыгында 13 турак жай комплекси курулуп жаткан. Сайттагы маалымат үзгүлтүксүз жаңыланып турат – улам жаңы объектилер кошулат, курулушчунун бардык батирлери сатылып кеткен жаңы курулуштар да бар. Мындай үйлөрдү каталогдогу жаңы курулуштардын картасынан көрүүгө болот. Сервистин дагы бир популярдуу функциясы – онлайн-камера. Үлүшчүлөр жана потенциалдуу сатып алуучулар курулуштун жүрүшүн интернет аркылуу байкап тура алышат.

Ош шаарынын жаңы курулуштар рыногунда баары болуп 6 курулуш компаниясы иштейт: Визион Групп, Эмаком, Евро-Стиль, Роял Билдинг Групп, Нурзаман жана KG-Групп. Алар комфорт классындагы категориядагы батирлерди эң көп сунушташат: шаардагы жаңы курулуштардын жарымы. Башка сегменттердин үлүшү дээрлик бирдей.

«Комфорт» категориясындагы батирди чарчы метрине 27 200 сомдон баштап сатып алса болот. Бизнес классындагы турак жайдын минималдуу наркы – чарчы метрине 38,3 миң сомду түзөт. Элиталуу кыймылсыз мүлк чарчы метрине 34 000 сомдон баштап сатылууда.

Бардык жаңы курулуштар монолиттик-каркастык технология боюнча тургузулууда. Батирлердин көпчүлүк бөлүгү эксплуатацияга оңдоо-жасалгасын өз алдынча иштеп бүтүрүүгө берилет, бирок оңдоо-жасалгасы жарым-жартылай иштелип бүткөн же дээрлик иштелип бүткөн варианттар да бар. Ош шаарындагы турак жай комплекстеринин көпчүлүк бөлүгү коноктор үчүн унаа туруктар менен гана жабдылган, бирок көпчүлүк жаңы курулуштарда жер астындагы паркинг каралган.

Copyright © 2017 Maral FM