Биз менен байланышыңыз

Венесуэла АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү басып алынганын айтууда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 473 | 0

Венесуэланын өкмөтү АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү оппозиция тарабынан басып алынганын кабарлады.

РИА Новости жазган маалымат боюнча, Венесуэланын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн Американын өкмөтүн ачык колдогон адамдар ээлеп алган жана аларды Венесуэла АКШнын тыңчылары деп атады. Ошондой эле бул кадам дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясын бузарын белгилейт.

Расмий Каракас Вашингтондон дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү басып алууну токтотуу боюнча укуктук чара көрүүнү талап кылууда. Болбосо Венесуэла да АКШнын кадамына жараша жооп берерин эскертти.

Вена конвенциясында белгиленгендей, эки өлкөнүн алакасы үзүлсө да дипломатиялык өкүлүчүлөрү кол тийбестикке ээ болушу керек. Ушул тапта АКШнын Каракастагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө эч кандай кысым болгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM