Биз менен байланышыңыз

Касмалиев: Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу 1300 сомду түзөт

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Мар 2019 | 896 | 0

Автоунааларды ээси жок каттоого болбойт. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башкы адиси Үсөйүн Касмалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишеним кат эч кандай келишим болуп эсептелбейт. Тагыраагы, унаа ээси каалаган учурда ишеним катты жокко чыгарып, транспорт каражатын кайтарып алууга укуктуу.

«Эгерде ишеним каттын мөөнөтү бүтө элек болсо унааны өзүңүзгө каттатып алсаңыз болот. Автоунаа ээсин же саткан унаасын издеп жүргөндөр «Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын расмий сайты аркылуу таба алышат. Ал үчүн унаанын белгилерин жазып калтыруу зарыл. Мындан сырткары автоунааларды каттоо боюнча суроолоруңузга 199 номуруна чалып жооп ала аласыз. Чалуу акысыз. Ал эми унаа ээсин таппай жатсаңыз, анда сотко кайрылсаңыз болот. Соттун чечими менен келсеңиз транспорт каражатын кайра каттап беребиз», — дейт Касымалиев.

Анын берген маалыматына ылайык, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун акысы 1200-1300 сомду түзөт. Жарандар акчаны банк аркылуу төлөшү зарыл. Ал эми тийиштүү документтерди ортомчуларга эмес, бирдиктүү терезеге тапшыруу сунушталат.

«Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн жарандын паспорту, медициналык маалымкат, окутуу күбөлүгү, жеке карточкасы жана айдоочулук күбөлүгү керек. Эгерде окутуу күбөлүгү менен жеке карточкаңыз жок болсо «Унаа» ишканасына кайрылсаңыз, тактап берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биздин мекеме Бишкек шаарында Чокан Валиханов 2А дарегинде жайгашкан», — дейт Касымалиев.

Copyright © 2017 Maral FM