Биз менен байланышыңыз

Көк-бөрү мелдеши: Бүгүн Достук командасы оюнга чыгат

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 809 | 0

Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында көк-бөрү боюнча Нооруз-2019 мелдеши уланып жатат. Ушу тапта Жогорку Лиганын «Бакубат-Талас» – «Тош-Булак» командалары беттешип жатышат. Азырынча 2:0 эсеби менен «Бакубат-Талас» командасы утуп жатат.

Буга чейин Биринчи лиганын чейрек финалдык баскычында «Кабылан» — «Келечек», «Кыраан» — «Сон-Кол» командаларынын беттеши өттү.

Бишкекте өтүп жаткан «Нооруз-2019» республикалык турниринин алкагында Оштун «Достук» командасы менен Чүй облусунун «Четинди» командасы беттешет. Регламентке ылайык 6 команда эки топко бөлүнгөн. Учурда топтук беттештер өтүүдө. Эртең финалисттер аныкталат.

Көк-бөрү боюнча «Нооруз-2019» республикалык турниринин финалы 21-мартта Нооруз майрамында болот.

Copyright © 2017 Maral FM