Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев айдоочуларды бак тигүүгө чакырды

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 472 | 0

Бүгүн, 15-мартта Бишкек шаарында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен “Бир көчөт акциясы” өттү. Ага  фракциянын парламенттеги жана Бишкек шаардык кеңешиндеги  депутаттары, партиянын мүчөлөрү жана жалпы шаардыктар катышты.

Акцияда Төрөбаев Бишкекте абанын булганышына  себеп болуп жаткан бир катар факторлорду айтып, алардын негизгилеринин бири автоунаалар  экенине токтолду.

Анын маалыматында, борбор калаада расмий катталган 600 миңден ашуун  автоунаа бар. Андан чыккан зыяндуу заттар абага терс таасир этип жатат. Жайкысын табигый шартта орто бийиктиктеги дарак 24 сааттын ичинде, үч адам дем ала турган кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ал эми 1 га жашыл бак-дарак 1 саат ичинде 8 литр көмүр кычкыл газын жутуп алып, кайрадан 30 адамдын жашоосун камсыз кылганга жете турган кычкылтекти пайда кылат.

Мындан улам Төрөбаев Бишкектеги бардык айдоочуларды жылына кеминде бирден көчөт тигүүгө чакырды.

Демилгени Кемин, Орловка, Шопоков, Балыкчы, Каракол, Нарын, Баткен, Исфана, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суу, жана Токтогул шаарларынын тургундары колдоп, алар  дагы өз шаарларында  көчөт отургузушту.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM