Биз менен байланышыңыз

Сейилканов: Кургак учуктан толук арылса болот

Күн чабыт | 13 Мар 2019 | 920 | 0

Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөш системалуу түрдө жүрүп келет. Дарылоонун жаңы ыкмасы колдонулуп, мөөнөтү 2 жылдан 9-12 айга кыскартылган. Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Бердибек Сейилканов “Күн чекит” уктуруусунда бир катар  суроолорго жооп берди.

— Бердибек мырза, дарылоонун жаңы ыкмасында дарттан айыгуунун мөөнөтү кыскарды деп айтып жатасыздар. Бирок бул канчалык эффективдүү? 

—  Ооба, мөөнөтү 9 айдан бир жылдык деп дарыга туруктуу формасын айтып жатабыз. Бул ыкма менен ооруканада жатып дарылангандардын 35-40 пайызы жакшы эффективдүү көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатышат.

— Бейтап баары бир ошол дарыларды дайыма колдонуп туруусу керекпи? 

-Жок, бул дарыларды кургак учук оорусу табылгандан кийин гана толук үзбөй дарыланса арылат. 100 пайыз сакайып кетет. Жыл сайын, ай сайын келип ооруканага жатып дарыланып улам бир курсту алуу деген түшүнүктөн арылып жатпайбызбы.

-Бирок толук айыгып чыгат деген бүтүм кургак учук оорусунун өтүшүп кеткен учурларына тиешелүүбү? 

-Эми негизи эле кандай оору болбосун алдын алган учурун дарылоо алда канча жеңилирээк болот да. Ошондуктан алгачкы белгилерин байкаган адам өз ден соолугу үчүн дарыгерге кайрылып койсо болот. Жөнөкөй эле какырык аркылуу анализ берсе болот.

-Эми ошол бекер берилип жаткан дары-дармектердин берилиши канча убакытка созулат?

-Кургак учуктун туруктуу формасын дарылоого эл аралык уюмдар жардам берип жатат. Дарыга сезгич формасын дарылоодо 100 пайыз өкмөт жардам берип, өзубүз жактан каржыланып жатат.

—  Ошол дарылар бекер берилет да? 

-Албетте, ал каражаттар эле эмес кургак учукту аныктоо, дарылоо Кыргызстан боюнча бекер өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM