Шашылыш кабар:

Бала сатууга шектелгендердин саны төрткө жетти

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Бала сатууга шектелгендердин саны төрткө жетти
Кыска кабар
0

Бала сатууга шектелип тергөө абагына түшкөн акушер-гинекологдордун саны төрткө жетти. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул окуяга байланыштуу үч кылмыш иши козголду. Буга чейин Криминалдык милиция кызматкерлери бала сатуу фактысы боюнча шектелген эки гинекологду кармашкан. Андан соң бала сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинде сегиз кишинин аты айтылган.

«Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ар кыл медициналык мекемелерде иштеген бир нече акушер-гинеколог бойдон алдырууга уруксат берилген мөөнөттөн өткөрүп аборт жасап келгени аныкталды. Мындан тышкары, бул топ көз жарууга ылайыксыз жерде төрөт кабыл алып, андан соң ымыркайларды сатуу менен алектенишкен», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ИИМ бүгүнкү күндө дагы бир нече шектүүнү текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache