Шашылыш кабар:

Билим берүү: Сан жана сапат маселеси

Сентябрь 14th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Билим берүү: Сан жана сапат маселеси
Билим жана Маданият
0

Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясы 14-сентябрда Кыргызстандын билим берүү системасын талкуулады. Айрым депутаттар министрликтин билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча эч кандай максат, планы жок экенин сынга алды.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматында Кыргызстанда 79 миңдин тегерегинде мугалим иштейт. Өлкөдөгү билимдин сапаты көбүн эсе дал ушул мугалимдерге байланыштуу.

— Мугалимдердин квалификациясы билим берүүнүн сапатына тийиштүү негизги фактор. Ошондуктан биз жакшы иштерди пландаштырып жатабыз. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнөт. Бирок бул каражат 3-4 миң гана мугалимге жетет. Ар кандай эл аралык долбоорлордун арты менен дагы 7-8 миң мугалимди окутканга мүмкүнчүлүк жаралды.

Министр айым буга чейин парламентте мугалимдердин орточо айлыгын айта албай катуу сынга кабылган. Бул жолу дал эле ушул суроо берилип, мугалимдердин орточо эмгек акысы 12 миң 800 сом болот деп айтылды. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин маянасын майдалап түшүндүрүп берди.

— Жаш, эмгек стажы 5 жылга чейинки мугалимдин айлыгы 9 миң 200 сом. 15 жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалимдики 12 миңге чейин. Тоолуу аймактарда 20 пайыз коэффициентти кошуп эсептегенде 15 жылдан ашык убакыт иштеген мугалимдердин айлыгы 14 миң сомдон ашат. Башталгыч класстын мугалимдериники болсо башта айтылган категориялар менен 11 миңден 16 миң 500 сомго чейин.

Бирок өкмөт берген маалыматка ынанбаган депутаттар дагы болду. Маселен эл өкүлү Махабат Мавлянова айылдарда иштеген айрым мугалимдердин маянасы тууралуу башка сандарды мисалга алып, мугалимдин орточо айлыгы 12 миң 800 сом деген сөзгө ишенген жок.

— Мисалы Ноокат районундагы бир мектепте атын айтпай эле коюён 17 жыл иштеген мугалим жумасына 15 саат менен иштеп 7 миң 200 сом айлык алып жатат. Эмгек тажрыйбасы жок мугалим жумасына 16 саат менен иштеп айына 4 миң сом айлык алууда. Мектепте 28 жыл иштеген мугалим жумасына 19 саат менен 9 миң сом алып жатат.

Эми мектептердин санына келсек. Азыркы учурда өлкөдө 2262 мектеп иштейт. Анда 1 млн 223 миң бала окуйт. Өлкө дагы 670 мектепке муктаж болуп турса анын 200үн тез арада бүтүрүш керек. Өкмөт жыл аягына чейин 70 мектеп пайдаланууга берилет деп ишендирди.

Депутат Зарылбек Рысалиев аткаруу бийлиги мектептердин, бала бакчалардын саны, мугалимдердин айлыгы тууралуу маалыматтарды айтканы менен билим сапатын жакшыртуу боюнча көзгө көрүнөөлөрлүк программасы жок деп сынга алды.

— Билим берүү жана илим министринин анализи жок. Билим берүүгө эмнелер тоскоол кылып жатат, кандай кемчиликтер бар, эмне кылсак билим деңгээлин көтөрө алабыз бул боюнча бир дагы сөз айтылган жок. Материалдык, техникалык маселелер, мектеп имараттары тууралуу эле маалымат берилди. Биз бул маселени күнүгө эле сүйлөшөбүз. Балдардын билимин өстүрүү боюнча бир анализ, изилдөө барбы?

Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билим деңгээлин жогорулатуу боюнча өкмөттүн аракети бар экенин айтып, буларды мисалга тартты.

— Анализ жүргүздүк жана бул жерде бир нече факторлор бар экен. Албетте бул биринчи баланын өзүнөн, кадрлардын сапаты дагы таасирин берип жатат. Инфраструктуранын дагы мааниси бар. Балдардын кошумча билим алуусу дагы чоң маселе болуп турат.

Былтыр 775 мектепке интернет киргизилген экен. Министрлик жыл аягына чейин дагы 693 мектеп интернетке туташып калат деп убада берди. Жыйында андан сырткары мектептерди жеке ишканасына айлантып алган директорлор көйгөйү көтөрүлдү. Депутат Марлен Маматалиев бул маселе боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

— Бир мектепте өмүр бою директор болуп иштегендер бар. Мунун жакшы дагы жаман дагы жагы бар. Жакшы жагы бир киши мектептин ичиндеги көйгөйдү толугу менен түшүнөт, билет. Жаман жагы өзүнүн кызын мугалим, инисин дене тарбия мугалими, күйө баласын чарба жетекчиси кылып алат экен.

Өлкөдө 1427 мектеп кыргыз тилинде, орус тилинде 226, өзбек тилинде 33 жана 3 мектеп тажик тилинде, аралаш кыргыз-орус тилинде билим берген 570 мектеп бар. Эки миңдей бала ар кандай себептер менен мектепке барбайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache