Шашылыш кабар:

Сегизбаев Белизден келген документтер боюнча билдирди

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Сегизбаев Белизден келген документтер боюнча билдирди
Кыска кабар
0

Белиз боюнча документтердин бардыгын тиешелүү органдарга тапшырып бергенбиз. Чындыгында бул жерде комплекстүү караш керек. «Мегакомдо» коррупция болгону факт, буга «Ата Мекендин» айрым өкүлдөрү катышкан. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы Мегакомду 100 пайыз улутташтырбай 51 пайызын жашырып коюшкан. Айрым депутаттар «Мегаком» боюнча түрмөдө отурат.

«Чындыгында документтер чыгып, бизге ал учурда текшерүү жүргүзгөнгө түрткү болду. Ошол түрткүнүн негизинде биз «Мегакомду» изилдеп чыгып, коррупциялык схемаларды таап чыкканбыз. Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча бизди чакырган. Биз бул документтер боюнча эч кимди күнөөлөгөн эмеспиз, бул документтердин негизинде текшерүү жүргүзөбүз деп айтканбыз. Бул документтердин үстүндө текшерүү жүргүздүк, «Ата Мекендин» айрым мүчөлөрү «Мегаком» чөйрөсүндө коррупцияга аралашканы аныкталды. Айрымдары түрмөдө отурат. Айрымдары жазасын алды. Ошол документ «Мегакомдун» чөйрөсүндөгү коррупцияны аныкташ үчүн түрткү болуп берген», — деди Сегизбаев.

Буга чейин 14-сентябрда «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келбегенин билдирген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache