Шашылыш кабар:

Маянасын албай калган мигранттардын 43 млн рубли кайтарылды

Сентябрь 14th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Маянасын албай калган мигранттардын 43 млн рубли кайтарылды
Коом
0

Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү айлыгын ала албай жүргөн жарандарга эмгек акысын кайтарып берди. 8 айдын ичинде 43 млн 539 миң рубль кайтарылган. Мындай маалыматты аталган мамлекеттик мекеме 8 айлык иштеринин жыйынтыгында билдирди. 


Кыргызстандык 800 миңдей жаран мигрант катары чет элде иштеп жүрөт. Алардын көпчүлүгү Орусияда. Бул туурасында мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 8 айдын ичинде миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жалпы 1786 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 551и айлык акыларынын төлөнбөй же толук эмес төлөнүп калышы боюнча келген. Миграция кызматынын жардамы менен 8 айдын ичинде 43 млн 539 миң рубль төлөнүп берилген.

йлыгын албай калган Кыргызстандын жарандарына 6 айдын ичинде 36 млн рубль кайтарылып берилген. Азыркы күндө 8 айдын эсеби боюнча бул 43 млндон ашты.

Ошондой эле мигранттарга маалыматтык жардамдарды жакшыртуу максатында коомдук өкүлдөрдү шайлоо маселеси көтөрүлүп жатат. Орусия боюнча алардын саны 100гө жетиши ыктымал.

Азыркы мезгилде коомдук өкүлдөрдү шайлоо маселеси көтөрүлүп жатат. Алардын саны 100гө жетиши ыктымал. Азыркы учурда 30дан ашты. Аларга биздин мекеме тарабынан күбөлүк берилет.

Миграция кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 20 миң 920 жаран чет мамлекетте жумушка орноштуруу суроолору менен кайрылган. Мындай көрсөткүчкө жараша жумушка орноштурууга укуктуу компаниялардын саны да өскөн. 2014-жылы алардын саны 14 болсо, акыркы маалыматтар боюнча алардын саны 100гө жакындады. Бул тууралуу маалыматтык-консультациялык борбордун жетекчисинин орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.

2014-жылы 10го жакын компаниянын уруксаты бар болчу. Азыркы күндө алардын саны 100гө жакын. Алар салык төлөйт, жумуш орундары менен камсыз кылып, өлкөгө пайдасын тийгизип жатат деп ишенебиз.

Ал эми өкмөт чет элдик жарандарга квота берүүнү ар тараптуу карап жатканын билдирет. Учурда квотанын 65%ы таркатылды. Бул туурасында чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Кудайбердиев айтып берди.

-Бүгүнкү күнгө 16 миң 490 адамга квота берилген. Учурда 65%ы таратылды. Көпчүлүгүн кытайлар түзөт. Быйылкы жылы 5 миң чет элдик жаранга уруксат кагазын бербей жатабыз. Анткени ал жумуштар менен өзүбүздүн жарандарды камсыздоого болот.

Мындан тышкары 8 айдын ичинде 487 этностук кыргызга кайрылман статусу берилген. Алардын 130у Өзбекстандан, 329у Тажикстандан, 18и Кытайдан келген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache