Шашылыш кабар:

Эрдоган Путин менен Сочиде жолугат

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Эрдоган Путин менен Сочиде жолугат
Дүйнө кабарлары
0

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусия президенти Владимир Путин менен Сочиде 17-сентябрда жолугат. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Пакистандагы расмий сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, тараптар Сириянын Идлиб провинциясындагы маселени чечүү багытында иш алып барууда.

«Биз Иран жана Орусия менен бирдиктүү иш-аракеттерибизди улантабыз. Ошондой эле эл аралык платформанын алкагындагы иштерди да токтотпойбуз», — деди Чавушоглу.

Белгилей кетсек, Идлиб шаарында үч миллиондой адам жашайт. Алардын 1,5 миллиону Сириянын башка аймактарынан жер которуп келген. Бул шаарда Сириянын расмий бийлигине каршы күрөшкөн согушкерлердин негизги күчү жайгашкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache