Шашылыш кабар:

Шыкмаматов: Чуулгандуу иштер Атамбаевдин тегерегинен чыгып жатат

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Шыкмаматов: Чуулгандуу иштер Атамбаевдин тегерегинен чыгып жатат
Кыска кабар
0

Акыркы учурдагы коррупциялык иштер аягына чейин тыкыр иликтениши керек. Мындай пикирин «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, кайсы чуулгандуу иш болбосун Алмазбек Атамбаевдин тегерегинен чыгып жатат.

«Музейдин чыры, ипподромдун ремонту Атамбаевдин тегерегинен чыкты. ЖЭБдин модернизациясында да Атамбаевдин аты аталып жатат. Өлкөдөгү ар бир чуулгандуу иштер аягына чыгарылышы керек. Муну коомчулук карап турат», — деди Шыкмаматов.

Жыйынтыгында фракциянын чечими менен укук коргоо органдарына аталган иштерди аягына чыгаруу тапшырмасы берилди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache