Шашылыш кабар:

Бир катар райондо окуучулар чатырларда билим алууда

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Бир катар райондо окуучулар чатырларда билим алууда
Кыска кабар
0

Өзгөн, Кочкор жана Токтогул райондорундагы айрым айылдарда балдар чатырда окуп жатат. Жыл аягына чейин мектептин курулушун аяктоо боюнча Курулуш агенттигине тапшырма берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, Курулуш агенттигине керектүү каражат бөлүү тапшырмасы берилип, декабрдын аягына чейин курулуш бүткөрүлөт.

«Кочкор районунда эки мектеп бар, бирөө Туз айылында. Ал жерге палатка коюлган, бирок балдар ал жерде окубайт. Жакын жерде жайгашкан үйлөрдү ижарага алып, балдарды окутуп жатабыз. Токтогул районунда дагы бир айылда балдар тамак-ашты боз үйдөн ичип жатышат», — деди Кудайбердиева.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache