Шашылыш кабар:

Жээнбеков: Жарандарыбыздын руханий өнүгүүсүнө маани беребиз

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбеков: Жарандарыбыздын руханий өнүгүүсүнө маани беребиз
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-сентябрда «Руханий Жибек жолу. Гумандуу улуу салттар жана учур чакырыктары» аталышындагы III эл аралык конференцияга катышууга келген Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Литва, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Эстониянын башкы муфтийлери менен жолугушту.

Жолугушууда, мамлекет башчысы эл аралык конференция динге ишенгендерди радикалдаштыруудан сактоо,  диндерге карата сабырдуу жана толеранттуу мамиле жасоого тарбиялоо жаатында элдерди жана өлкөлөрдү бириктирген аянтча болуп калаарына ишенимин билдирди.

«Бир нече өлкөнүн жогорку муфтийлеринин бир убакта келиши, өлкөбүздүн коомдук, маданий жана руханий жашоосундагы маанилүү окуя. Биз жарандарыбыздын руханий өнүгүүсүнө чоң маани беребиз», — деди Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары конференциянын бириктирүүчү идеясы тууралуу пикирлерин билдиришип, кийинкижыйын Казакстанда 2019-жылы өтөөрүн маалымдашты.

«Биз имамдарга жана аалымдарга окуу куралы катары китеп басып чыгардык, алар кайсы багытта ой жүгүртүп, коомчулукка кандай рухий кеңештерди беришти билиши керек. Конференция — бардык муфтийлерди бириктирген жана терроризмге, экстремизмге, терс диний агымдарга каршы күрөштө алардын ишмердигин жөнгө салган туруктуу аянтча», — деди Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache