Шашылыш кабар:

Тарых музейине аттардын скульптурасы 14 эмес, 22 миң еврого алынган

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Тарых музейине аттардын скульптурасы 14 эмес, 22 миң еврого алынган
Кыска кабар
0

Тарых музейинин кафетерийи үчүн ар бир отургуч 147 миң сомдон алынган. Ошондой эле 147 миң сомго кофе кайнаткыч аппарат сатылып алынды. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары Талантбек Кожонов билдирди.

Анын айтымында, аттардын скульптурасын 22 миң еврого сатып алышкан. Отургучтарды сатып алууга 6 миллион сом коротулган. Ар бир отургуч 147 миң сомдон айланган.

Ал эми адистер Украинадан ушундай эле аттарды 5 миң доллардан табышканын фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Белгилей кетсек, май айында депутаттарга аттарды 14 миң евродон сатылып алынганын айтышкан эле.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache