Шашылыш кабар:

Башкы прокуратура «Белизгейт» боюнча кылмыш ишин козгобойт

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Башкы прокуратура «Белизгейт» боюнча кылмыш ишин козгобойт
Кыска кабар
0

“Ата Мекен” партиясынан Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын Белиз өлкөсүндөгү «Саутфилд» офшордук компаниясында эч кандай үлүшү жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын 14-сентябрдагы жыйынында Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Анын айтымында, эгер кылмыштын көрүнүштөрү болгондо Башкы прокуратура кылмыш ишин козгомок.

Жыйында депутаттар «Ата Мекен» партиясынын офшордук компанияда үлүшү бар же жок экенин так айтууну талап кылышты. Дүйшөмбиев өз кезегинде атамекенчилердин эч кандай акциясы жок экенин, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдирди.

Эске салсак, «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага документтерди текшерүүнү тапшырган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache