Шашылыш кабар:

Белизгейт боюнча УКМКга документтер келген эмес

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Белизгейт боюнча УКМКга документтер келген эмес
Кыска кабар
0

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы бүгүн, 14-сентябрда «Белизгейт» жаңжалы тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

Жолугушууда Улуттук коопсуздук комитетинин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн кандайдыр бир документтер келбегенин билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын 16-майында Башкы прокуратура жиберген каттын негизинде УКМК «Мегаком» компаниясына тиешелүү акциялар боюнча Белиз мамлекетинен алынган трасттык документтердин мыйзамдуулугун аныктоо багытында кызматтык иликтөө жүргүзгөн.  Комиссия кызматтык иликтөө учурунда УКМКга тиешелүү бардык ыкчам башкармалыктар жана катчылык аркылуу маалымат алганда, 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө «Мегакомго» таандык акциялар боюнча трасстык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталды. Иликтөөнүн материалдары 10-июлда түп нускада Башкы прокуратурага жиберилген.

Эске салсак, «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова «Мегаком» деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache