Шашылыш кабар:

Өзбекстандан мыйзамсыз буюмдарды ташыгандар кармалды

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Өзбекстандан мыйзамсыз буюмдарды ташыгандар кармалды
Кыска кабар
0

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Өзбекстандан мыйзамсыз түрдө токулган буюмдарды ташып келе жаткан жарандарды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери Ош-Баткен жолунда «Mercedes Benz» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда эч кандай бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок Өзбекстанда өндүрүлгөн токулган буюмдар табылган.

Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында кармалган товардын жалпы суммасы 500 миң сом экендиги аныкталды.

Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache