Шашылыш кабар:

Казакстандын элчисине экинчи жолу нота берилди

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Казакстандын элчисине экинчи жолу нота берилди
Кыска кабар
0

Алматы шаарындагы эл аралык аэропортто кыргызстандык жарандардын тиешелүү органдар тарабынан ашыкча текшерилип жатышына байланыштуу Казакстандын Кыргызстандагы элчисине нота берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 14-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси К. Кокрекбаев Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Жолугушууда кыргыз жарандарына карата Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан кыргыз жарандарына ашыкча текшерүүлөр, кемсинтүүлөр болуп жатканы айтылды. Андан соң элчиге бул маселеге өзгөчө көңүл буруу талабы менен кайрадан нота тапшырылды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлери кыргыз жарандарына орой мамиле кылышаарын айтып, Тышкы иштер министрине бул маселени кароого чакырган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache