Шашылыш кабар:

«Замандаш» мигранттарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну сунуштады

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
«Замандаш» мигранттарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну сунуштады
Кыска кабар
0

Өлкө тышына чыккан жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу мигранттардын жашоосун жеңилдетип, алардын каражатын үнөмдөйт. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, «Замандаш» партиясы мындай демилге менен өкмөткө кайрылган. Учурда кыргызстандык 800 миңдей жаран чет жерде эмгектенип жатат. Дээрлик бардык өлкөдө мигранттардан медициналык камсыздандырууну талап кылат. Ошондуктан, жарандар өлкөдөн чыга электе бул маселени чечүү керек.

“Милдеттүү камсыздандыруу дароо бир нече маселени чечмек. Маселен, жүк-200 маселесине жылына 3-7 млн сом сарпталып жатат. Бул каражаттарды башка муктаждыктарга жумшасак болмок. Мындан тышкары, мигранттар ооруга чалдыкканда компенсация алууга мүмкүнчүлүк жаралмак”, — деди Молдокматов.

Ал каражаттарды каттамдагы билеттер аркылуу чогултуу мүмкүн экенин кошумчалады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache