Шашылыш кабар:

Өмүрбекова: Окуучунун кийими билим алуусуна тоскоолдук жаратпайт

Сентябрь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Өмүрбекова: Окуучунун кийими билим алуусуна тоскоолдук жаратпайт
Кыска кабар
0

Бүгүн, 14-сентябрда «Республика-Ата Журт» фракциясынын жыйынында билим берүү маселеси талкууланууда. Жыйындын жүрүшүндө депутат Марлен Маматалиев «жоолук салынган окуучулар мектепке киргизилеби?» деп суроо салды.

Анын суроосуна жооп берип жатып, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова окуучунун кийими анын билим алуусуна тоскоолдук жаратпашы керек экенин айтты.

«Мыйзам боюнча, ар бир бала билим алышы керек. Окуучунун билим алууга анын кийими бөгөт болбошу зарыл. Көбүнчө мындай маселелерди окуу жараянына тоскоолдук жаратпасын деп, ата-энелер менен сүйлөшүп, чечип жатабыз», — деди Өмүрбекова.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache