Биз менен байланышыңыз

«Black star burger» ресторанынын ачылышына муфтий катышты

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 1730 | 0

Бишкектеги соода борборлорунун бирине Black star burger рестораны ачылды. Ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев да катышты.

Анда алгачкы бургер аукционго коюлуп, дубайдан келген жаран 2000 АКШ долларына сатып алды.

Тамактануучу жай орусиялык белгилүү рэпер Тиматиге таандык жана жакын арада анын өзүнүн келүүсү да күтүлүүдө.

«Black star burger» ресторандары Орусиянын бир канча аймагында ачылган. Андагы өзгөчөлүк тамактарды кара кол кап менен жегендигинде.

 

Copyright © 2017 Maral FM