Шашылыш кабар:

«Кумтөрдөн» кунун куугандардын соту болот

Сентябрь 13th, 2018 | by Бахар Хакимова
«Кумтөрдөн» кунун куугандардын соту болот
Коом
0

1998-жылы 20-майда «Кумтөр» ишканасынын цианид жүктөгөн автоунаасы авария болуп, көлгө төгүлгөн уу үч миңден ашуун адамды ден соолугунан ажыраткан. Бул окуя боюнча бүгүнкү күнгө чейин териштирүү иштери аягына чыга элек. Жабыркаган адамдарга кенемте төлөө маселеси да ордунан жылган эмес. Ошол кезде «Карек» бейөкмөт уюмун жетектеген Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева, “Марал” радиосуна цианид маселеси боюнча жаңы жагдайлар тууралуу маалымат берди.

Марал: Жети-Өгүз суусуна цианид төгүлүп, ага кенемте төлөө окуясы боюнча соттук иштер улантылып жатат. Кийники соттук отурум кайсы күнгө белгиленди? Кандай жагдайлар болууда?

Эркингүл Иманкожоева: 1998-жылы 20-майда “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын күнөөсү менен Барскоон суусуна 2 тоннадай цианид төгүлгөн окуяга байланыштуу сот иштери 2005-жылдан бери уланып келе жатат.

Ошол учурда Жети-Өгүз районунун Барскоон, Жаргылчак, Тамга, Тосор айылдарынын 2 миңден ашык жараны жабыркаган. Ошондой эле, бир жумадан кийин Барскоон айылынын элдерин Чолпон-Атага көчүргөн, 2 миңдей киши ооруканага жатты, мажбурлап 20 аялдын боюнан алдыруу болгон. Ошол иштер боюнча соттошууну улантып жатабыз. Эң кыйын убакыттар болду, соттошуу оңой эмес экен.

3 жолу Жогорку Сотко кайрылдык. Кыргыз өкмөтү менен Центерранын жетекчилиги бул маселе боюнча тынчтык келишимине келишкен. Ошентип отуруп азыркы күндө цианидден жабыркаган ар бир жарандын саламаттыгы текшерилип жатат. Соттук экспертиза дайындалып, иштер жүрүүдө. Былтыр ноябрь айларында Жогорку Сот эки чечимди Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотунун “Кумтөр оперейтинг компаниясынын пайдасына чечилген чечимди жокко чыгарды. Бул биздин жеңиш деп ойлойм.

Марал: Бул иштин узакка созулушуна эмне себеп болду?

Эркингүл Иманкожоева: Саясатташып кетти. Мен өзүм күбөмүн, жогорку жактан сотторго басым болгонун байкап турдум. Айрыкча, Бишкек шаардык соту мен ооруп калып сотко катышпай калсам да чечим кабыл алып, Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Биз бул соттордун үстүнөн Соттор кеңешине да кайрылабыз.

Азыр иш кайра биринчи инстанцияга келип, Октябрь райондук сотунда каралып жатат. 7-сентябрда өттү, кийинкиси 19-сентябрга белгиленди, андан кийинкиси 26-сентябрда болот. Буюрса жакшы чечимдерди күтүп жатабыз.

Мындан тышкары, Кумтөрдө иштеген 26 кишинин эсебин жаап коюшкан эле, бул боюнча дагы өтүнүч келтирдик. 26 кишинин ичинен өлүп отуруп 18 киши калды.

Марал: Бул маселеде кыргыз өкмөтү менен «Кумтөрдүн» күнөөсү канчалык?

Эркингүл Иманкожоева: Мурунку президенттин тушундагы өкмөттүн өкүлү, юрист биз дагы жоопко тартылышыбыз керек деп чыкты. Мен буга абдан таң калдым. Бул жерде өкмөт жоопкер боло албайт, себеби цианид төккөн Кумтөрдүн унаасы болчу.

Экинчи жагынан, Кумтөрдүн өзгөчө кырдаал жаралып кеткен учурда атайын планы жок болуп жатпайбы. Мындай учурда эмне кыларын билбей калды. Ошондуктан өкмөт жоопкер тарап болбошу керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache