Шашылыш кабар:

Министрдин реформасына карата сындар кайрадан күчүндө

Сентябрь 13th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Министрдин реформасына карата сындар кайрадан күчүндө
Билим жана Маданият
0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага карата айтылган сындар көбөйдү. Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Евгения Строкова билим берүү тармагындагы реформадан жыйынтык жок экенин айтып чыкты.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Евгения Строкова билим берүү министринин ишин сынга алып, жасалган реформадан жыйынтык байкалбаганын айтып чыкты. Ал буга жүйө катары аймактарда мугалимдердин кыскарып жатканын белгилеп, бул билим сапатын түшүрүп жатат деди.

Министр Гүлмира Кудайбердиева биздин билим берүү системасына кайсы гана мамлекеттин үлгүсүн алып келбесин өзгөрүү болгон жок. Алардын катарында  Кореяныкы, Сингапурдуку бар. Эгер ал жакта дагы билим берүү системасы дал ушундай болсо, мен аларга боорум оорумак. Бирок андай эмес. Бизге жалган айтылган реформанын  кереги жок. Билим сапатын көтөрөбүз деп 3 миң мугалимди кыскартып, дагы бир бөлүгүнө 30 саат кошуп  сапатты көтөрбөй тескерсинче жоготобуз.  

Чындыгында Кудайбердиеванын ишине коомчулукта көп сындар айтыла баштады. Өзгөчө вице-премьерлик кызматтан түшкөндөн кийин күчөгөнү айтылууда. Аны сындагандардын бири мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев. Ал бүгүнкү күнү аталган министрликте иштин жыйынтыгы байкалбай, жогору жакты караган күнкарама болуп калды деди.

Кыргызстанда билим берүү саясаты эң маанилүү иш катары көрүлбөстөн, дежур кишилер менен кандайдыр бир кызыкчылыктарды аткарган эле министрлик болуп калды. Бул абдан чоң жаңылыштык. Ошондуктан Кудайбердиеванын өзүнүн жекече адамдык кадырына сөз тийгизгим келбейт. Балким аракет кылып жаткандыр. Бирок ишинин жыйынтыгын көргөн жокмун. Тескерисинче, билим берүү тармагына, айрыкча илим системасына  зыяндан башка эч нерсе кылышкан жок.

Эксперттер ушундай нааразычылыктар түшүндүрмөнүн жоктугунан чыгып жатканын айтышууда. Өзгөчө коомчулуктун чоң талкуусун жараткан иштер боюнча бүгүнкү күндө министр толук түшүндүрмө бере элек. Мындай оюн билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров айтууда. Ал «Марал» радиосуна берген маегинде конкреттүү эки негизги ишти белгиледи.

Бирок ошол эле учурда кээ бир кадамдары боюнча элге түшүндүрүү жок болуп жатат. Бүдөмүк боюнча калып калды. Мисалы, мугалимдердин санын кыскартуу боюнча айтал. Ушул нерсени деталдаштырып айтып берсе жакшы болмок. Себеби бул киши мугалимдердин санын 3 миңге кыскартуу демилгесин көтөргөндө эл ызы-чууга түшүп кетти. Ошол нерсе министрдин ишине кара так алып келгендей болду. Бирок ошол эле кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында Орусиядан келген 500гө жакын мугалимдердин келиши боюнча карама-каршы пикирди көрүп турам.

Ушул жана башка маселелер боюнча министрликке кайрылганыбызда, жакын арада Гүлмира Кудайбердиева жалпы коомчулукка өзү маалымат бере турганын айтышты.

Анткен менен, жалпы министрликте чечкиндүү кадамга министр жалгыз бара албайт. Тагыраагы, бир жетекчи өзү эле көзгө көрүнөөрлүк иштерди жасоосу мүмкүн эмес. Бул жагын эске алганда, бар болгон күнөөнү Кудайбердиеванын мойнуна илип коюу туура эместигин педогогика илимдерини доктору, профессор Ишенгүл Болжурова айтат. Ал үчүн министрликтин алдындагы билим академиясын иштетүүгө чакырат.

Эмне үчүн министрликтин алдында билим академиясы иштебейт? Сапаты боюнча, китепти чыгаруу, окуу пландарды түзүүгө түздөн-түз академия жооп бериши керек. Эмне үчүн баардык жоопкерчилик министрге эле жүктөлүшү керек? Эмне үчүн ата-энелердин жоопкерчилиги жок? Баары комплекстүү иш алып барышы керек.

Бирок бул министрдин тушунда алгылыктуу жумуштар да жасалганын айткандар жок эмес. Алардын бири Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурунку жетекчиси Куштарбек Кимсанов англис тили сабактарынын көбөйтүлүшү сындуу иштерин белгилейт. Бул жагынан министр жаңы инновацияны министрликтин босогосуна алып келди деп буларга токтолду.

Жасаган иштери боюнча конкреттүү иштерге өтө турган болсок, англис тилинин эрте үйрөтүлүп сааттардын көбөйтүлө баштаганы министрдин жакшы жумуштарынын бири болду.  Мурда информация сабагы 7-класстан кире турган болсо, азыр 5-класстан кирип жатканы заман талабын туура түшүнө билгендиктин далили десек болот. Бүгүн-маалыматтык технологиянын кылымы.   

Гүлмира Кудайбердиеванын эмгек тажрыйбасына үңүлсөк, анын илимий даражасы жок. Бирок билим берүү тармагынын бардык тепкичинен өткөнү айтылып келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache