Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын экс-президенти Ли Мён Бак күрөөгө бошотулат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 610 | 0

Түштүк Кореянын экс-президенти Ли Мён Бак бир жылдык жазадан соң күрөөгө абактан бошотулат. Бул тууралуу Yonhap маалымат булагы Сеулдун Жогорку Сотуна таянып бүгүн жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимдин кабыл алынышына экс-президенттин ден соолугунун абалы начарлап кетиши себеп болгон.

Ли Мён Бак коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери менен 2018-жылдын октябрында 15 жылга эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM