Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы КСДПны сотко берүүгө даяр»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Мар 2019 | 767 | 0

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы КСДПны сотко берүүгө даяр. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев партияга жамынып алып мыйзамсыз иштерди жасаган. Эми «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы партияны уурулардан, жемкорлордон тазалап, Атамбаевсиз шайлоого барат.

«2011-жылы Атамбаев ээрден кыйшая баштаганын айтканбыз. Коомдук кыймыл түзө электе эле жер-жерлерде партиянын жыйындарын өткөрөбүз деп айтып чыкканбыз. Эгерде бийлик тараптан жардам болгондо биздин кыймыл съезддердин баарын өткүп коймок. «Атамбаевсиз КСДП» кыймылына бийлик тараптан эч кандай колдоо жок», — дейт Абдрахманов.

Ал мындан сырткары, КСДПнын мүчөлүгүнөн чыга электигин белгиледи.

«Мен партиядан чыккан эмесмин. КСДПда 20 жылдык эмгегим болсо эмне үчүн башка партия түзүшүм керек? КСДП партиясын эл үчүн дегенбиз. Атамбаев партияга ууруларды алып келип, эми партиянын аброю түшүп жатат. Партияда узурпация болбошу керек. Атамбаев өзүнө каршы ой айткан адамдарды колунан жетелеп партиядан чыгарып койгон. Алардын бири — депутат Жанар Акаев, — дейт Абдрахманов.

Copyright © 2017 Maral FM