Шашылыш кабар:

Жемкорлор менен күрөштө жылыш барбы?

Сентябрь 12th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Жемкорлор менен күрөштө жылыш барбы?
Саясат
0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Кыргызстанда коррупцияга каршы жүрүп жаткан иштер жана коомдо резонанс жараткан жемкорлукка байланыштуу чуулуу окуялар тууралуу маалымат берди.

«Шадиев Интерпол аркылуу изделүүдө»

Дамир Сагынбаев 12-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынын президент Сооронбай Жээнбековдун «Ким гана болбосун мамлекетке зыян келтирсе кылмыш жоопкерчилигине тартылат» деген сөзү менен баштады. Келерки жылдын башынан тарта кылмыштардын тизмеси түзүлөрүн, ал карапайым адамдар үчүн ачык болорун айтты.

— 2019-жылдын 1-январынан тартып кылмыштардын реестри иштей баштайт. Учурда бардык керектүү техникалык документтер даярдалып жатат. Коомчулук укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн үстүнөн жазылган арыз-даттануулар кандай каралып жатканын онлайн режиминде көрө алышат. Муну менен бардык тергөөчү, прокурор жана башка күч кызматкерлери кайсы бир ишти жаап-жашыруудан мурун «кылмышкерди калкалоо керекпи же жокпу» деп он жолу ойлонот деген ишеним бар.

Сагынбаев коомчулуктун көзөмөлүндө турган Бишкек жылуулук борборунун, Тарых музейинин айланасындагы коррупциялык иштердин тергелиши жана президентке ачык кайрылган адамдардын арызы тууралуу маалымат берди. Бир эмес үч кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн депутат Аскарбек Шадиев жана экс-депутат Өмүрбек Бабановдун маселеси боюнча буларга токтолду.

— Аскарбек Шадиевге издөө жарыяланган. Демек ал Интерпол аркылуу изделип жатат дегенди түшүндүрөт. Күч түзүмдөрү Шадиев учурда жүргөн мамлекеттен кармалса дароо Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча бардык иш аракеттерди көрүп жатышат. Ал эми Бабанов боюнча, козголгон иш тергелип жатат. Тиешелүү чечим кабыл алынат. Мындан башка кенен маалыматтарды айта албайм.

Каражаттар кайсы жемкорлордон өндүрүлүүдө?

Жыйында коррупциядан кайтарылган каражаттын көлөмү 400 млн сомго жакындаганы белгилүү болду. Бирок ал акча кайсы иштер боюнча, кимдерден өндүрүлгөнү ушуга чейин ачыкталбай келет. Коопсуздук кеңешинин катчысы Сагынбаев президенттин демилгеси менен ачылган бирдиктүү эсепке чогулган каражаттын дареги эмне себептен айтылбай турганын мындайча түшүндүрдү.

— Бул каражаттар кайсы кылмыш иштери жана конкреттүү кайсы адамдардан алынганын ачык айта албайм. Соттун чечими чыгып ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин мен же тиешелүү күч органдары маалымат берет. Ушул жылдын аягында биз аталган кылмыш иштери боюнча маалыматардын жарымынан көбүн жарыялайбыз деп турабыз. Анткени жылдын аягына чейин резонанс жараткан бир канча кылмыш иштери сотко өткөрүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынат деп болжолдоп жатабыз.

Андан сырткары ушуга чейин 2264 токтотулган кылмыш иши кайра иликтенип чыкканы айтылды. Анын 1146сы кызматтык жана экономикалык кылмыштарга тиешелүү. Жыйынтыгында токтотулган 508 жана кыскартылган 73 иш кайра жанданган. Сагынбаевдин билдиришинче өлкөдө коррупциянын деңгээли өтө эле жогору.

— Башка көлөмдүү кылмыш иштери боюнча учурда майнаптуу аракеттер жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмүн чоң эмес өтө чоң деп айтсам болот. Жумуш өтө көп жана бир топ кылмыш иштери боюнча 5, 10 кишиден турган тергөө топтору иштеп жатат. Жыйынтыгында көмүскө түзүлгөн схемалар боюнча бир топ каражаттар чыгарылып кеткени, анын арты менен мурдагы чиновниктер жакшы эле байыганы аныкталууда. Тергөө улантылууда бирок бул иштерди азырынча ачыктай албайм.

Аткаминерлердин байлыгын аныктоо түйшүгү

Журналисттерди аткаминерлердин декларациясы кызыктырды. 2017-жылга карата 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырган. Анын 833ү саясий жана жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы. Арасында 50дөн ашык аткаминердин киреше-чыгашасынан күмөндүү жагдайлар чыккан. Сагынбаев декларацияларды текшерүүдө, айрыкча кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоодо маселе жаралганын айтып, анын себептерин түшүндүрдү.

— Азыркы тапта декларацияларды текшерүү жүрүп жатат. Бизде дагы убакыт бар. Бирок декларацияларды текшерүүдө айрым кыйынчылыктар жаралды. Анткени Салык кызматы бул ишти биринчи гана жолу аткарып жаткандыктан, тажрыйбасы аз болуп калды. Ошондой эле декларацияларды текшерүү боюнча Коопсуздук кеңешинде дагы бардык механизмдер иштелип чыкпаганы белгилүү болду. Ушундан улам Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жергиликтүү жана эл аралык эксперттерди тартып, жаңы мыйзамдарды даярдап жатат.

«Түркия эч кандай тизме берген жок»

Басма сөз жыйынында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Кырчын жайлоосуна бара жатканда жол тыгынында калып калганы үчүн ага жооптуу болгон кызматкерлерге чара көрүлүп, алды жумуштан алынары белгилүү болду. Андан сырткары түрк бийлиги Кыргызстанга берди делген 130 адамдын тизмеси жана «Сапат» мектептери боюнча суроолорго расмий жооп алынды.

— Түркия тараптан кыргыз тарапка эч кандай тизме берилген эмес. Бул 130 адамдын аты жазылган тизме кимдир бирөөлөр тарабынан ойлонуп чыгарылып, кандайдыр бир резонанс жаратуу үчүн атайын Кыргызстандын аймагында жайылтылып жатат. Дагы бир жолу кайталайм 130 кишинин тизмеси же дегиле кандайдыр бир тизме берилген эмес. Ал эми «Сапат» боюнча. «Сапат» Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштеп жатат. «Сапатты» жабуу жана анын мүлктөрүн «Маариф» фондуна өткөрүп берүү маселеси каралбайт. Алар өз алдынча иштеп, биздин балдарды окутууну уланта беришет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы кабарлагандай 1990-2000-жылдары жана акыркы жылдары козголгон иштер кайра каралып чыккан. Жыйынтыгында коомдо резонанс жараткан иштерди жоготуп, жаап-жашырганы үчүн 11 күч кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Анын сегизи прокуратура кызматкерлери.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache