Шашылыш кабар:

Москвадагы кырсык: Бекжанга тажрыйбалуу адвокат жалданды

Сентябрь 12th, 2018 | by Бахар Хакимова
Москвадагы кырсык: Бекжанга тажрыйбалуу адвокат жалданды
Коом
0

Москва шаарында өз мекендештерин унаасы менен коюп кеткен кыргызстандык бала камакка алынды. Бул маселе боюнча Москвадагы кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңеши жана коомдук кеңештин демилгеси менен чогулуш болду. Анда Бекжан Сарбишевге юридикалык жардам берүү, кырсыктан жаракат алган балдардын жакындары менен байланышуу маселелери көрсөтүлдү. Бул маселенин чоо-жайын Москвадагы кыргыз диаспорасынын координациялык кеңешинин төрагасы, ошондой эле диаспоранын аксакалдар кеңешинин төрагасы Райымкул Аттокуров айтып берди.

Марал: Москвада кафеде араздашуудан кийин Бекжан Сарбишев аны сабаган балдарды тебелеп, эки айга камалып отурат. Сиздер бул маселеге көзөмөл салып жатасыздарбы? Мекендешибизге кандай юридикалык жардам берилет?

Райымкул Аттокуров: Ушул кырсыктан кийин Бекжан Сарбишев эки айга камалды. Эми тергөө иштери кандай жүрөт, көрө жатабыз. Ага юридикалык жардам берүү үчүн Москва шаарынын адвокаттар биримдигинин мүчөсү Толстых деген адвокат жалданды. Ал тажрыйбалуу, буюрса мүмкүнчүлүк болушунча мекендешибизге жардам берүүгө убада берип жатат.

Бир эле адвокат жалдадык, себеби Москвада жактоочулардын кызматы абдан кымбат баада турат. Бекжандын ата-энесинин мүмкүнчүлүгү бир адвокат жалдаганга жетти. Анын үстүнө бул абдан резонанстуу иш болгондуктан аны алууга баары эле макулдук бербейт экен. Бирок акыйкат чечим чыгышы үчүн тажрыйбалуу жактоочу болушу зарылдыгын да түшүнүп жатабыз.

Марал: Баланын ата-энеси кайсы жакта? Алар менен байланышып жатасыздарбы?

Райымкул Аттокуров: Бул жакта азыр туугандары менен сүйлөшүп жатабыз. Ата-энеси Кыргызстанда. Алар азыр шок абалда болуп жатышат. Балам мындайга барбайт эле деп, анын тарбиялуу экенин айтышууда. Ошондой эле, Бекжандын кулагы ооруп, аппарат тагып жүрөт экен.

Марал: Бекжан Сарбишев мекендештерин сүзгөн учурда спирт ичимдигин колдонбогону, бул кадамга ачуусу менен барганын айтып жатат. Бул жагдайлар ага ачылган ишти кандайдыр бир деңгээлде жеңилдетеби?

Райымкул Аттокуров: Албетте, тергөө иштеринде бул беренелер кошулбайт. Чынында 9-сентябрь күнү Бекжандын карындашынын туулган күнүн белгилеп, кафеде отурушкан. Анда карындашынабы же анын курбуларынабы башка балдар тийишишкен. Ага ачуусу келген Бекжан айтыша кетет. 12-13 бала аны сыртка алып чыгып сабашат. Ошондо ал берки балдар кафеден чыкканча машинасында күтүп турган. Чыкканда бирин сүзөм деп эмоцияга берилип, кандай болуп кеткенин да билбей калган, биз да түшүнбөй калдык.

Марал: Ушул кырсыкта 9 бала жабыркаган, алардын абалы кандай болуп калды, оор абалдагылар жокпу?

Райымкул Аттокуров: Алар ооруканада дарыланып жатышат. Биз тизмесин алып, тууган-туушкандарын тактап жатабыз. Экөө-үчөөсү реанимацияда. Аларга киргизишкен жок. Зулпиев, Иманалиев деген жигиттерден кабар алдык. Негизи Орусиянын мыйзамы боюнча, Кыргызстандын жарандыгындагы мигранттар ал жердеги ооруканада он күн бекер дарыланып, андан кийин акы төлөшү керек болот. Ошондуктан аларды биздин кыргызстандыктар ачкан медициналык борборлорго которобуз. Дарыгерлер болушунча жардам берип, мекенине жиберебиз. Мурда да мындай жагдайлар болгон. Биз баарын тактап авиакомпаниялар менен да сүйлөшүүдөбүз. Кыргыз диаспоралары күнү-түнү уйку жок чуркап жүрөбүз.

Марал: Мындай жагдайдан улам Орусиядагы кыргыз мигранттарына карата мамиле өзгөрбөйбү?

Райымкул Аттокуров: Эми ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун, тынчтыгын коргойт. Ошондуктан мекендешибизге укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлөт.

Учурда кафелер, коомдук жайлар, окуулар, спорт клубдардагы кыргыз мигранттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тартип сактап, мыйзам чегинде жүрүүсүн, документтерин  каттоо да мыйзамдуу болсун деп жатабыз. Өүзүбүз мыйзам чегинде жүрсөк эч ким тийишпейт. Буюрса бул да өтөт деп үмүт кылабыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache