Шашылыш кабар:

Абдесова: “Максатыбызга бир жеңден кол  чыгарып жеттик”

Сентябрь 12th, 2018 | by Канай Анаркулов
Абдесова: “Максатыбызга бир жеңден кол  чыгарып жеттик”
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга, чыгармачыл жамааттарга, өнөрпөздорго, жеке салымын кошкон демөөрчүлөргө, ыктыярчыларга жана коомдук тартипти камсыз кылгандарга терең ыраазычылык  айтып, билдирүү жолдоду. Кайрылууда байыркы көчмөн элибиздин маданиятынын кереметин даңазалап, намыскөй мүнөзүн, руханий дараметин жана жергебиздин ажайып кооздугун дагы бир жолу дүйнөгө тааныткан бул масштабдуу иш чара максатына жетип, өлкөбүздүн эл аралык аброюн арттырганын баса белгилеген. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчи орун басары Айжан Абдесова маектештик.

Эл аралык эксперттер Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2018-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири катары баалашты.  Президент тарабынан да алкыштар айтылып жатат. Сиздер койгон максаттар, пландар толугу менен ишке аштыбы?

Ооба, биз максаттарыбызга жүз пайыз жеттик десек болот. Себеби, ар тараптан жогорку баа берилип жатат. Ошол эле спорт оюндары, маданий иш чаралар, расмий иш чаралардын баары өз нугунда жакшы өттү. Муну бир эле мекеме эмес, бардык министрликтер, ар бир мамлекеттик кызматкерден тартып, жөнөкөй жарандардын күчү менен ийгилик жарата алдык.

Негизи коомчулук күткөн бир жооп бар, чыгымдар жабылдыбы?

Азыр эсептөөлөр жүрүп жатат. Алдыда жыйынтыгы тууралуу дагы кененирээк маалымат берилет. Бирок, оюндарды көрүү үчүн Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик туристтер, бардык континенттердеги 74 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчулар жана катышуучулар келишти. Көчмөндөр оюндарын 600дөн ашык чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырышты. Мунун баары эске алганда, жакшы жыйынтык болот. Жарманке, атайын этно базарлар, тамак-аш жана башкасын саткан элдерге да бир топ киреше түштү десек жаңылбайбыз. Кененирээк маалымат дагы берилет.

Бул саамалык Кыргызстан үчүн эмне алып келди?

Эң башкысы биз этно туризмди өнүктүрүп алганга жакшы шарт түзүлдү. Кыргызстанды дүйнөгө ар тараптан көрсөтө алдык.

Мына эми кийинки оюн Түркияда өткөн жатат. Ал жакка өткөрүүгө макулдук берилгенде да белгилүү шарттар менен берилгени маалым болду. Башка дагы кандай шарттар коюлду?

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги Кыргызстандын авторлугун сактоо шарты менен Түркияга берилди. Кыргызстан баарын иликтеп, түзүп чыккандан кийин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кыргыз эрежелерине, философиясына жана максатына ылайык дүйнө жүзүнө таркашына кызыкдар. Мына ошонун баары эске аынышы керек.

Маегиңизге рахмат.

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache