Биз менен байланышыңыз

Бектур Асанов: Президент өзү жалгыз коррупция менен күрөшүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2019 | 603 | 0

Саясатчы Бектур Асанов  “Марал” радиосуна берген маегинде президент жанындагы саналуу кишилер менен гана коррупцияга каршы күрөшүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөштө башка бийлик өкүлдөрү колго түшпөй, аман калуунун жолун, пара алуунун жаңы шарттарын ойлоп жатышат. Бирок коррупцияга каршы күрөш комплекстүү жүрүшү керек.

«Ал үчүн президент командасын толукташы керек. Реформалар али баштала элек. Сот реформасы аяктамайынча башка тармакта өнүгүү болушу кыйын. Парлементтик шайлоо туура өтүп, Жогорку Кеңешке кадыр-барктуу депутаттар келсе, көп нерсе жакшы нукка түшөт. Президент көбүрөөк ойлонуп иш кылып жатат. Балким, мамлекеттик иште 7 эмес, 70 жолу ойлонуп бир кесүү керек. Бирок өлкө башчы тездетүүсү зарыл», — дейт Асанов.

Ал буга кошумча, соттор көз карандысыз болмоюнча аларга ишенүү татаал экенин айтып, сотторго болгон ишеним бир күндө калыптанбай тураганын белгиледи.

«Сот системасы ири реформаларга муктаж. Аны президент баш болгон команда жасашы керек. Президент, парламент — баары биргеликте аракет кылышы керек. Президнттин аракеттери бар», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM