Биз менен байланышыңыз

Социалдык өнүгүү министрлигинде миллиондогон каржылык тартип бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 2312 | 0

Өлкөнүн Эсеп Палатасы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2017-жылдагы ишинде бир катар каржылык тартип бузууларды тапты. Бул тууралуу аталган мекеме тараткан билдирүүүдө айтылат.

Министрлик жана анын карамагындагы (микро кредиттик) мекемелер максатсыз пайдаланган каражаттардын көлөмү 4,4 млн сомду түздү.

Анын ичинен, уставдык капиталдын 3,5 млн сому Ысык-Көл, Нарын жана Ош областтарынын алдындагы «Ишкер» микро кредиттөө агенттиктеринин штаттык бирдигин кармоого жумшалган.

Ал эми Бишкектин Биринчи май, Балыкчы, Чүй, Ноокен, Аксы, Ак-Талаа райондорунун социалдык коргоо башкармалыктарында, ошондой эле Жалал-Абаддагы психоневрологиялык ооруканада жана Ош шаарындагы «Ишкер» микро кредиттөө агенттигинде негизсиз маяналар берилип, анын жалпы суммасы 3,6 млн сомду түздү.

Мындан сырткары министрликтин карамагындагы 7 мекемеде маяналарды берүүдө 5,5 млн сомдук тартип бузуулар аныкталган. 5,6 млн. сом иреттүү  пайдаланылган эмес.

Министрликтин борбордук аппаратында, Бишкек шаарынын Ленин, ошондой эле Бакай-Ата, Кадамжай, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын нормалары бузулганы аудит тарабынан белгиленген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган тартип бузууларды, кемчиликтерди четтетүү жана мындан ары кайталанышына жол бербөө боюнча министрге билдирилген.

Copyright © 2017 Maral FM