Шашылыш кабар:

Аткаминерлердин декларациясы боюнча сурамжылоо жасалды

Сентябрь 6th, 2018 | by Бахар Хакимова
Аткаминерлердин декларациясы боюнча сурамжылоо жасалды
Кыска кабар
0

Кыргызстанда аткаминерлердин декларациясы тууралуу атайын сурамжылоо жүргүзүлдү. Ага катышкандардын 77,9 пайызы мамлекеттик жетекчилердин декларацияда көрсөтүлгөн кирешелерине ынанышкан эмес.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Респонденттердин 90 пайызы чоң маңсаптагы кызматкерлердин жана алардын жакын туугандарынын кирешелери жөнүндө маалыматтын ачык болуушу керектигин айтышкан.

Сурамжылоону “Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы” коомдук уюму 13-17 август аралыгында телефон аркылуу жүргүздү. Себеби мамлекеттик кызматкерлердин мүлкү, кирешеси жана чыгашалары боюнча маалыматтарды жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache