Шашылыш кабар:

Тажикстанда алгачкы эстакада ачылды (сүрөт)

Сентябрь 6th, 2018 | by Бахар Хакимова
Тажикстанда алгачкы эстакада ачылды (сүрөт)
Дүйнө кабарлары
0

Тажикстанда алгачкы эстакада ачылды. Анын салтанаттуу ачылышына өлкө президенти Эмомали Рахмон, Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустами Эмомали катышты.

Көпүрө “Дүйшөмбү- Турсунзаде аймактык жолунун, Сино көчөсү менен борбордун батыш тарабына чейинки жолдун абалын жакшыртуу” долбоорунун алкагында курулду.

Анын курулуш 2016-жылы 22-июлда башталган, өлкөнүн эгемендигинин 27 жылдык мааракесинин алдында ишке берилди.

Жаңы кесилиш үч даражадан турат. Экинчи даража айланма жол болуп, кыймыл атайын белгилердин жардамы менен жүргүзүлөт. Үчүнчү даражада чыгыштан батышка карай узундугу 125 метр, туурасы 24,8 метрди түзгөн көпүрө орнотулган.

Ошондой эле, 236 метрди түзгөн 4 жер алдынан өтүүчү өтмөк курулган.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache